Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Корнелиу Сепан румын тилинде баяндама айтып жатат. Ангелос Карамплиас болсо грек тилине которууда

20-АПРЕЛЬ, 2021
РУМЫНИЯ

2021-жылдын Эскерүү кечеси. Румыниядагы түрмөдөгүлөргө видеобайланыш аркылуу өткөрүлгөн азем

2021-жылдын Эскерүү кечеси. Румыниядагы түрмөдөгүлөргө видеобайланыш аркылуу өткөрүлгөн азем

Ишенимдештерибиз 17 жылдан бери Румыниянын Жилава Бухарест түзөтүү абагында отургандарга Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип келатышат. COVID-19 пандемиясы башталганда, абактагы жолугушуулар токтотулган. Бактыга жараша, түрмөдөгү бийлик башчылары 2021-жылы, 27-мартта өтө турган Эскерүү кечесине 2 жума калганда жолугушууларды видеобайланыш аркылуу өткөргөнгө уруксат беришкен. Бир туугандарыбыз Эскерүү кечесин да онлайн өткөрүүнү суранышканда, аларга уруксат беришкен. Ошентип, ал аземге түрмөдө отурган 21 киши жана 4 бийлик өкүлү катышкан.

Корнелиу Сепан бир тууганыбыз румын тилинде баяндама айткан. Ал эми Ангелос Карамплиас бир тууганыбыз түрмөдө отурган грек тилинде сүйлөгөн бир кишиге которуп берген. Баяндаманы түрмөнүн 4 кызматчысы жана түрмөнүн башчысы да уккан.

Корнелиу Сепан бир тууганыбыз мындай деген: «Эскерүү кечесинин баяндамасын айтуу мен үчүн чоң сыймык болду. Түрмөдө отургандар кунт коюп угушту жана Исанын алар үчүн кандай зор ишти кылганын билишти».

«Түрмөдөгүлөргө кабар айтыш үчүн, Эскерүү кечесин өткөрүш үчүн Жахаба эшиктерди кенен ачты. Биз буга аябай сүйүнүп жатабыз,— дейт Ангелос Карамплиас бир тууганыбыз.— Келечекте түрмөдө отурган көптөгөн адамдар Ыйык Китепти видеобайланыш аркылуу изилдегенге кошулуп, Ыйык Китепте жазылгандардан сооронуч алышат деп ишенем».

Биз бийлик башчыларынын түрмөдө отургандарга Эскерүү кечесинин баяндамасын укканга уруксат бергенине кубанып турабыз (1 Тиметей 2:3, 4).