19-МАРТ, 2021
ТАЖИКСТАН
БУУнун адам укуктары боюнча комитети Тажикстан өкмөтүнөн Шамил Хакимовду тез аранын ичинде ооруканага которууну өтүндү
2021-жылдын 19-мартында БУУнун адам укуктары боюнча комитети (АСУЭП) Тажикстан өкмөтүнөн 70 жаштагы Шамил Хакимовдун ден соолугуна байланыштуу токтоосуз түрдө чара көрүүнү өтүндү. Ден соолугу начар ал ишенимдешибиз Кудайга сыйынганы үчүн эле 2019-жылдын февралынан бери абакта отурат. АСУЭП Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнөн, ал комитет Шамил Хакимовдун ишин караганга чейин, аны атайын медициналык мекемеге которууну суранды.