3-ФЕВРАЛЬ, 2022
ТАЖИКСТАН
БУУ Тажикстан өкмөтү Тьерри Амедзронун укуктарын бузду деп тапты
2021-жылдын 14-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Тажикстан өкмөтү Тьерри Амедзро деген ишенимдешибизди камакка алып, Казакстанга депортациялоо менен анын укугун бузган деген чечим чыгарган.
Комитет Тьерри бир тууганыбызды камакка алуу «адилетсиз» болгонун, БУУнун Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактысынын шарттары бузулганын аныктады. Ошондой эле Тьерри, эгер ал кааласа, Тажикстанга кайтып бара аларын жана өкмөт буга жолтоо кыла албай турганын билдирди. Тажикстандын өкмөтү «кийин да ушул сыяктуу мыйзамсыз иштер болбошу үчүн зарыл иш-чараларды» кылууга милдеттендирилди.
Тажикстандын бийлик өкүлдөрү 2018-жылдын 4-октябрында Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуусу өтүп жаткан үйдү тинтишкен. Ошондо Тьерри бир тууганыбызды кармап кетишип, Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгына алып барып суракка алышкан. 2018-жылдын 16-октябрында Тьерри Амедзрого өлкөдө мыйзамсыз жашап жүрөт деген жалган айып коюшкан. Тьерри бир тууганыбыз Тажикстанда иштеп жүргөн Орусиянын жараны болчу.
Сот Тьерриге айып пул салып, депортациялансын деген чечим чыгарган.
«БУУнун комитети чыгарган чечим Тажикстандагы дин тутуу эркиндигине байланыштуу жагдайдын жакшырышына салым кошуп, ишенимдештерим Жахаба Кудайыбызга тынчтыкта сыйына алышат деп ишенем»,— дейт Тьерри.
Учурда Тажикстанда ишеними үчүн бир Жахабанын Күбөсү түрмөдө отурат.
Кыйынчылык тартып жаткан ишенимдештерибизди Жахаба мындан ары да жан дүйнө тынчтыгына бөлөөрүнө бекем ишенебиз (Ышая 26:3).