Мазмунун көрсөтүү

Шамил Хакимов 2019-жылы, февралда камакка алынганга чейин

4-МАРТ, 2021
ТАЖИКСТАН

Кошмо Штаттардын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы Тажикстанда түрмөдө отурган Шамил Хакимовдун укугун коргойт

Кошмо Штаттардын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы Тажикстанда түрмөдө отурган Шамил Хакимовдун укугун коргойт

 2021-жылдын 24-февралында Кошмо Штаттардын дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык комиссиясынын мүчөсү Нури Туркель абийир туткундарынын катарына кирген 70 жаштагы Шамил Хакимовдун камактан бошотулушуна жардам берерин билдирген. Ал мындай деген: «Ден соолугу начар, улгайып калган бул киши жалган айыптардын негизинде жети жарым жылга кесилип, эскилиги жеткен, кишиге толгон түрмөдө 2019-жылдан бери азап чегип келатат. Ал Жахабанын Күбөсү катары диний ишенимине карманып жашаганы үчүн эле айыптуу деп табылган. Ага берилген жаза анын өлүмүнө себеп болуп калышы толук мүмкүн».

 2019-жылдын январь, февраль айларында Тажикстандын түндүгүндө жашаган 24 ишенимдешибиз, анын ичинде аялы каза болуп калган Шамил Хакимов Уюшкан кылмыштуулукту көзөмөлдөө бөлүмү (УККБ) тарабынан суракка алынган. Ал бөлүмдөгүлөр Шамил бир тууганыбызды кармап кетип, Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунун кантип уюшулганы, өзүнүн кантип Жахабанын Күбөсү болуп калганы тууралуу суроолорду беришкен.

 Ал жерде аны сегиз саат кармашкан. Ошондон бир аз мурун эле операция болуп, медициналык жардамга муктаж болсо да, ага эч кандай жардам көрсөтүлгөн эмес. Мындан тышкары, Шамил бир тууганыбыздын кан басымы да жогору. Суракка алып, үйүнө алып келгенден кийин полиция кызматкерлери анын электрондук каражаттарын, Ыйык Китебин, Ыйык Китепке негизделген адабияттарынын көчүрмөлөрүн, паспортун тартып алышкан. Ал паспортусуз пенсиясын ала албай, операциядан кийинки зарыл медициналык жардамга акчасы жок отуруп калган.

 2019-жылы, 28-февралда Худжанд шаардык соту Шамил Хакимовду тергөө камак жайына камоого буйрук берген. Анын камакта отуруу мөөнөтү үч жолу узартылган. Ошентип, ал ишенимдешибиз тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан учурда жана сот иши башталганга чейин тергөө камак жайында отурган.

 Акыры, 2019-жылдын 10-сентябрында ал айыптуу деп табылып, жети жарым жылга түрмөгө кесилген. Бирок 2020-жылдын 4-июлунда түрмөнүн администрациясы ага, Тажикстандын мунапыс жөнүндөгү мыйзамына ылайык, мөөнөтү эки жыл, үч ай жана 10 күнгө кыскартылганын билдирген. Эми ал 2024-жылдын 16-майында боштондукка чыгарылат.

 Биз Жахабанын ушундай кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан ишенимдештерибизге чыдамдуу, туруктуу болгонго жардам бере берет деп ишенебиз (Забур 20:2).