Мазмунун көрсөтүү

Рустамжон Норов түрмөдөн чыгар алдында

12-ОКТЯБРЬ, 2021
ТАЖИКСТАН

Рустамжон Норовду үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн макташты

Рустамжон Норовду үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн макташты

Буга чейин маалымдалгандай, 22 жаштагы Рустамжон Норов 2021-жылдын 21-сентябрында Тажикстандагы түзөтүү абагынан бошотулду. Анын мөөнөтүнөн эрте бошотулушуна ошол айдын башында күчүнө кирген мунапыс себеп болду. Ал тергөө камак жайында баш-аягы үч ай отурган. Андан соң үч жарым жылга кесилип, 2021-жылдын 10-майында Яван шаарчасындагы түзөтүү абагына которулган. Сот учурунда, тергөө камак жайында жана түрмөдө отурганда, башкалар Рустамжондун жакшы жүрүм-турумун жана Кудайга болгон берилгендигин көрүп, аябай таасирленишкен.

Бир жолу Рустамжондун иши сотто каралып жатканда бир полковник келип, анын колун кыса кармаган. Ал Рустамжондун туруктуулугуна, тайманбастыгына жана эр жүрөктүүлүгүнө баа бергенин айткан. Ал: «Кудайга ишенген киши сендей болушу керек!» — деген. Анан мындай деп кошумчалаган: «Бир нече жылдан кийин Тажикстанда альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө уруксат берилгенде, жарандардын ушул укугун коргоо үчүн эркиндигин садага чапкандардын арасында сенин да атың болот».

Рустамжон түрмөдө отурганда да башкаларга жакшы күбөлөндүрүү берген. Үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн түрмөнүн администрациясы аны Европа Биримдигинин каржылоосу менен өткөрүлгөн атайын окуу курсуна катышууга чакырган. Ал курс абактан чыккандарга жумуш табууга көмөк көрсөтүш үчүн өткөрүлгөн. Окуу аяктагандан кийин түрмөнүн администрациясы Рустамжонго сертификатты, ошондой эле талыкпай эмгектенгени үчүн ыраазычылык катын тапшырган. Рустамжондун айтымында, бийликтегилер анын Ыйык Китептеги принциптерге карманганы үчүн жүрүм-туруму ушундай үлгүлүү экенин айтышкан.

Түрмөдөн бошотулганга чейин Рустамжон мунапыс мыйзамы ага карата колдонуларын так билген эмес. Бирок аны менен кошо отургандар анын жүрүм-туруму жакшы болгондуктан боштондукка чыгарына ишенишерин айтышкан. Түрмөнүн көптөгөн кызматкерлери да аны кубаттандырып, жылуу сөздөрүн айтышкан.

Рустамжондой болуп бейтараптуулугун жана кынтыксыздыгын сактаганы үчүн түрмөгө камалган жаш ишенимдештерибиз жарыгын башкалардын алдында жаркыратып жатышат. Баарынан маанилүүсү, алардын жакшы иштери Жахаба Кудайга даңк жана урмат-сый алып келүүдө (Матай 5:16).