Мазмунун көрсөтүү

Рустамжон Норов (сол тараптан экинчи) апасы Фариза, иниси Равшан жана атасы Батыр менен Кыргызстандагы филиалга барганда, 2016

27-ОКТЯБРЬ, 2020
ТАЖИКСТАН

Тажикстандагы тергөө камак жайында отурган Рустамжон Норов 5 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн

Тажикстандагы тергөө камак жайында отурган Рустамжон Норов 5 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн

Өкүм жарыяланчу күн

Тажикстандын аскердик соту жакында a Рустамжон Норов деген инибизге байланыштуу чечимин жарыялайт. Ал абийиринен улам аскерде кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн 2 жылдан 5 жылга чейин түрмөгө камалышы ыктымал. Рустамжон 2020-жылдын 1-октябрынан бери камакта отурат.

Жеке маалымат

Рустамжон Норов

  • Туулган жылы: 1998 (Душанбе)

  • Кыскача таржымалы: Өзүн багыш үчүн жана үй-бүлөсүнө жардам бериш үчүн эмерек жасап, аларды жаңыртып иштечү. Футбол ойногонду жакшы көрөт

  • 2016-жылы 17 жашында чөмүлгөн. Тажик тилинде сүйлөгөндөргө кабар айтыш үчүн эки жыл мурун ата-энеси менен чогуу барып жүргөн орус тилиндеги жыйналыштан тажик жыйналышына которулган

Иштин чоо-жайы

2016-жылы Рустамжон Норов аскерге чакыруу кеңсесине өз ыктыяры менен барып, бейтараптуулук сактаарын жана альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө даяр экенин айткан. Кийинки жылы да ошенткен. Аскерге чакыруу кеңсесинин башчысынын орун басары анын айтып бергендерине таасирленип, аны сыйлап калган. Ошондон кийинки үч жыл бою Рустамжонду атуулдук милдетин аткарууга чакырышкан эмес.

Бирок 2020-жылдын 24-сентябрында аны райондук аскерге чакыруу кеңсесине келиши керектигин айтышкан. Ал жерден кызматкерлер Рустамжонду үч саат бою суракка алып, аскердик кызматка жарактуу экенин айтышкан. Анан аны медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурлашкан. Кеңседе Рустамжондун атасы да бар болчу. Ал алардан уулунун ишин прокуратурага өткөрүп беришин суранган.

Рустамжон атасы экөө 1-октябрда прокуратурага барышкан. Айыптоочу райондун полиция кызматкерин кошуп берип, аларды райондук аскерге чакыруу кеңсесине коштоп барууга дайындаган. Ал жерге барышканда, Рустамжондун атасын кеңсеге киргизбей коюшкан. Андан соң Рустамжонго расмий түрдө айып койбой, кылмышкер катары соттобой туруп эле эки күнгө камап коюшкан. Камакта отурганда жактоочусу менен сүйлөшкөнгө да уруксат берилген эмес.

3-октябрда Рустамжонду Худжанд шаарындагы аскердик бөлүккө которушкан. Ал шаар анын ата-энеси жашаган Душанбе шаарынан 300 чакырымдай алыстыкта жайгашат. Кийинки эки күндүн ичинде аны Худжанддагы бир нече аскер бөлүккө которушкан.

6-октябрда Рустамжонго ата-энесине телефон чалганга жана жактоочусу менен жолукканга уруксат берилген. Бирок 17-октябрда Тажикстандын аскердик соту аны тергөө камак жайына камоого буйрук берген. Прокуратура тергөө иштерин улантып, сот ага чечим чыгарганга чейин, ал ошол жерде камакта болот. Ага аскер кызматынан баш тартыш үчүн медициналык документтерин жасап алган деген айып коюлууда.

Камакта отурса да, Рустамжон көңүлүн чөгөрбөй, Жахабага толук таянууда. Ал ишеним өрчүтүүгө жана кайраттуу болууга жардам берип жатканы үчүн Жахабага абдан ыраазы. 2013-жылы күтүлбөгөн жагдайга туш болгонуна да сүйүнөт. Ошол жылы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аны да, иниси Равшанды да мектептен аскер бөлүгүнө күчкө салып алып кетип, медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурлашкан. Ал кезде чөмүлө элек жарчы болгон Рустамжон 15 эле жашта болчу. Ошол себептен аскерде кызмат өтөөгө жашы жете элек эле. Ошондон кийин атасы Батыр үй-бүлө менен сыйынуу учурунда балдарына бейтараптуулукка байланыштуу көз карашын түшүндүрүп бергенге үйрөтүүгө көбүрөөк убакыт бөлө баштаган. Кез-кезде ал аскер бөлүгүндөгү кызматкердин ролун ойноп, балдары болсо көз карашын жактаганга көнүгүшчү.

Рустамжон мындай дейт: «Үй-бүлө менен сыйынуу учурунда көнүккөнгө чейин ишенимимди коргогонго даярмын деп ойлочумун. Бирок роль аткарып жатканда мунун оңой эмес экенин, коркуп кетишиң мүмкүн экенин түшүндүм. Ишенимимди текшерип, ошол жөнүндө изилдөө жүргүзүшүм жана бейтараптуу болууга жардам беришин сурап Кудайдан тиленишим керектигин да билдим. Бара-бара көп коркпой калдым. Ошентип, 2016-жылы жазында өмүрүмдү Жахабага арнап, чөмүлдүм».

Ишеними үчүн түрмөгө отуруп чыккан улуураак, жетилген ишенимдештери менен пикирлешкени да ага кайраттуу болгонго жардам берген. Ал: «Бейтараптуулук сактаганымдын аркасында кандай кыйынчылыктарга туш болушум мүмкүн экенин айкын түшүнөм. Эгер түрмөгө камалсам, Жахабанын ысмын „жаңы аймакта“ даңктоону сыймык катары көрөм»,— деп бөлүшөт.

Рустамжондун атасы Батыр мындай дейт: «Биздин үй-бүлө үчүн Жахабанын эркин аткаруу жана анын колунда курал болуу — чоң сыймык. Кудай кошкон бир туугандарыбызга: „Биз силердин сүйүүңөрдү, биз үчүн тиленип жатканыңарды жана эмоциялык, рухий жактан колдоо көрсөтүп жатканыңарды сезип жатабыз“,— деп айткыбыз келет. Биз тынчсызданып же дүрбөлөңгө түшкөн жокпуз. Жахаба өзүнүн Сөзүндө убада кылгандай, жүрөгүбүздү тынчтыкка бөлөп жатат» (Филипиликтер 4:6, 7).

a Соттун чечими качан чыгары көп учурда алдын ала айтылбайт.