Мазмунун көрсөтүү

7 ЯНВАРЬ, 2021
ТАЖИКСТАН

Тажикстандын аскердик соту Рустамжон Норовду 3 жарым жылга кести

Тажикстандын аскердик соту Рустамжон Норовду 3 жарым жылга кести

2021-жылы, 7-январда Тажикстандын аскердик соту Рустамжон Норовду диний көз карашынан улам аскердик кызматтан баш тартканы үчүн 3 жарым жылга эркинен ажыратты.

Өкүм жарыяланар алдында Рустамжонго сот алдында сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берилген. Ал аскердик кызматтан эмне үчүн баш тартып жатканын кайраттуулук менен түшүндүрүп, Ыйык Китептен бир нече аят цитата кылды. Ошондой эле ага ишениминен жазбаганга эмне жардам берип жатканын айтып берди.

Ал Филипиликтер 4:13төгү: «Анткени мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деген сөздөрдү келтирди. Ошондой эле мындай деп кошумчалады: «Камакка алынганымдан бери Жахаба Кудайымдын жанымда экенин, мага багынбаганга, көңүлүмдү чөгөрбөнгө, кубанычымды жоготпогонго, дайыма жылмайып жүргөнгө күч берип жатканын сезип келем. Ушул үчүн ага миң мертебе ыраазымын. Анын Күбөсү болгонума сыймыктанам!»