Мазмунун көрсөтүү

Жовидон Бобожонов

18-НОЯБРЬ, 2020
ТАЖИКСТАН

Тажикстандын президенти мунапыс жарыялап, Жовидон Бобожонов эркиндикке чыкты

Тажикстандын президенти мунапыс жарыялап, Жовидон Бобожонов эркиндикке чыкты

«Жахаба мага ишенимимден тайбаганга жардам берди»,— деп эскерет Жовидон Бобожонов. Ал 2020-жылдын 1-ноябрында боштондукка чыккан. Ага чейин бир күн мурун президент 377 кишиге, анын ичинде Жовидонго мунапыс жарыялаган. Ал ишенимдешибиз абийиринен улам аскерде кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн 2 жылга түрмөгө кесилген болчу. Ошентип, мөөнөтүнүн тогуз айын өтөгөндөн кийин бошотулду.

2019-жылдын 4-октябрында жоокерлер аны үйүнөн аскерге чакыруу кеңсесине күчкө салып алып кетишкен. Ошол учурда ал 19 жашта болчу. Аны бир нече айдын ичинде улам бир аскер бөлүгүнө которо беришкен. Аскер бөлүгүндөгү убактылуу кармоочу жайларына камалган сайын, Жовидонго эмне үчүн аскердик кызматтан баш тартканын түшүндүрүп берүүгө туура келген. «Көптөгөн командирлер менен жоокерлер мага акылга сыйбаган суроолорду берип, динимен баш тарттырганга аракет кылышты,— дейт Жовидон.— Алар ачуума тийиш үчүн атайын ошондой суроолорду берип жатышты. Кээде мени түн ортосунда ойготуп, аскерден эмне үчүн баш тартканымды түшүндүрүп беришимди талап кылып, кайра-кайра эле окшош суроолорду бере беришчү».

Ал сөзүн мындай деп улайт: «Тиленүү мага бир топ жардам берди. Аскер бөлүгүндө күн сайын күндүзү да, түнкүсүн да көз жашымды төгүп Жахабадан тиленип жаттым. Андан багынбаганга, анын жүрөгүн оорутпаганга, ачууга алдырбаганга күч беришин суранчумун.

Жахабанын колуман бекем кармап турганын сезип жаттым... Өзүмдү жалгыз калгандай сезип, көңүлүм аябай чөкчү. Бирок Жахаба жаратуулары аркылуу дем-шык берип, күчтөндүрүп жатты. Күндө эртең менен көзүмдү ачканда чымчыктардын сайраганын укчумун. Түн ичинде болсо айды, жылдыздарды карап суктанчумун. Жахабанын ошол белектери мага кубаныч тартуулап, кайраттандырды».

Жовидон 2020-жылдын 2-апрелинде айыптуу деп табылып, убактылуу кармоочу жайдан түрмөгө которулган. Ага кат алып турууга уруксат берилген эмес. Ошентсе да жергиликтүү ишенимдештери тамак-аш жеткиргенде баштыктарга күндөлүк аятты жазып коюшчу. «Мунун аркасында жалгыз эмес экенимди, досторумдун мени жакшы көрөрүн түшүндүм»,— дейт ал.

Жовидон Ыйык Китептеги дем-күч берерлик аяттарды, мисалы, Римдиктер 8:37—39-аяттарды эстей алганына сүйүнгөн. Ал мындай дейт: «Түрмөдө отурганда ошол сөздөрдүн чындык экенине көзүм жетти. Бир да кыйынчылык мени Жахабанын сүйүүсүнөн ажырата алган жок. Жахаба мага ишенимимден жазбаганга жардам берди».

Жовидондун үлгүсү ата-энесин да кайраттандырган. Атасы Абдужамол мындай деп бөлүштү: «Кыйынчылыкка багынбаган уулубуздун тиленгени, бизге жакшы үлгү көрсөткөнү ишенимибизди бекемдеди. Дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерибиз да бизди колдоп жатышты. Алардын биз үчүн тиленгенине аябай ыраазыбыз. Ушундай камкор, боорукер досторду берген Жахабага да миң мертебе рахмат айтабыз».

Дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, баарыбыз «оттой кыйынчылыктарга» туш болобуз (1 Петир 4:12). Андыктан Жовидондун бул сөздөрү көңүлгө аларлык: «Азыр мен эркиндиктемин. Эркин жүргөнүмөн пайдаланып, Кудай жөнүндөгү билимимди тереңдетейин, алдыдагы кыйынчылыктарга жакшы даярданайын деп жатам. Кыйынчылыктарга туш боло электерге мындай демекмин: эркиндигиңерди мүмкүн болушунча туура колдонуп, Жахаба жөнүндөгү билимиңерди тереңдете бергиле. Ал үчүн Ыйык Китепти, адабияттарыбызды жакшы изилдегиле».