Мазмунун көрсөтүү

18-НОЯБРЬ, 2019
ТҮНДҮК МАКЕДОНИЯ

Македонияда өткөрүлгөн атайын өнөктүк

Македонияда өткөрүлгөн атайын өнөктүк

Түндүк Македониядагы филиал Ыйык Китептеги кабарды македон жана албан тилинде сүйлөгөндөргө жеткирүү үчүн 2019-жылдын 1-августунан 31-октябрына чейин атайын өнөктүк өткөрдү.

Түндүк Македонияда македон тилинде сүйлөгөн 1 300 000ден ашуун киши, ал эми албан тилинде сүйлөгөн жарым миллиондон ашуун киши бар. Бирок өлкөдөгү 1 300 Жахабанын Күбөсүнүн 1 000дейи эле македончо, 20сы болсо албанча сүйлөйт. Ал жактагы ишенимдештерине жардам бериш үчүн жети өлкөдөн: Австриядан, Албаниядан, Бельгиядан, Германиядан, Италиядан, Швейцариядан жана Швециядан 476 Жахабанын Күбөсү барган.

Эчки кайтарган киши он жыл мурун алган «Ыйык Китепте эмне делет?» китеби

Өнөктүк учурунда ишенимдештерибиз эчки кайтарып жүргөн бир кишиге жолугушкан. Алардын Жахабанын Күбөлөрү экенин билгенде ал ошол замат баштыгынан «Ыйык Китепте эмне делет?» китебин алып чыккан. Көрсө, китепти он жыл мурун Италиядан атайын өнөктүккө келген Жахабанын Күбөлөрүнөн алган экен. Ал киши «Ыйык Китепте эмне делет?» китебин күн сайын окуп жүргөнүн, атүгүл айрым бөлүмдөрүн жатка билерин айткан. Ишенимдештерибиз аны менен жолугууга макулдашышкан.

Өнөктүккө македончо жана албанча сүйлөгөн көптөгөн ишенимдештерибиздин катышканы элчи Пабылды эске салат. Аны: «Македонияга кел»,— деп чакырышканда, ал дароо ошол жакка жөнөгөн (Элчилер 16:9).