17-АПРЕЛЬ, 2020
ФИЖИ
«Харолд» циклону Вануату жана Фижи аралдарын бүлгүнгө учуратты
2020-жылдын 5-апрелинде 5-категориядагы «Харолд» циклону Вануатунун түндүк аралдарына чейин жетип, көп жерлерди кыйроого учуратты. Циклон түштүк-чыгышты көздөй бет алып, 8-апрелде Фижи аралдарынын түштүк-батыш тарабын талкалады. Алгачкы билдирүүлөргө ылайык, бир туугандардын эч кимиси зыян тарткан же каза тапкан жок.
Вануатунун түндүгүндөгү Эспириту-Санто деген чоң аралда 280дей ишенимдешибиз жашайт. Тегеректеги аралдардай эле, ал жакта да имараттардын көбү талкаланып, эл түшүмдөн кол жууп калды. Фижиде болжол менен 260 жарчынын үй-жайы зыянга учурады. Суу, тамак-аш тартыш жана электр жарыгы дайыма эле боло бербейт.
Фижидеги филиал жарчыларды зарыл нерселер менен камсыз кылуу ишин уюштурууда. Жергиликтүү аксакалдар кырсыкка кабылган бир туугандарды бекемдеп-жубатып жатышат. Циклондон жапа чеккен бир туугандарга денелик да, рухий жактан да кам көрүлүп жатканына кубанып жатабыз (Накыл сөздөр 17:17).