7-ЯНВАРЬ, 2021
ФИЖИ
5-категориядагы «Яса» циклону Фижиге бүлгүн салды
Болгон жери
Фижи
Кырсык
2020-жылдын 17-декабрында, бейшембиде, 5-категориядагы «Яса» циклонунан улам чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Вануа-Леву (Фижи) аралында жер көчкү болду
«Яса» циклону Фижиде катталган циклондордун ичинен кубаттуулугу боюнча экинчи орунда турат. Билдирүүлөргө ылайык, шамалдын ылдамдыгы саатына 260 километрге чейин жеткен
Табигый кырсык болгон аймакта, бери дегенде, 30 жыйналыш жана обочо топтор бар
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
Ишенимдештерибиздин эч кимиси зыян тарткан жок
Алгачкы билдирүүлөргө ылайык, 20 үй-бүлө башка жакка көчүрүлгөн
Циклон азык-түлүктүн негизги булагы болгон талааларга чоң зыян алып келип, 430 жарчыны тамак-ашсыз калтырды
Мүлккө келтирилген зыян
10 үй талкаланды
25 үй зыянга учурады
1 Падышалык залы бир аз зыян тартты
Жардам берүү иштери
Фижидеги филиал кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча үч комитет (КБЖБК) уюштурган. Ал комитеттер жабыр тарткан жарчыларга зарыл жардам көрсөтүүдө. Мисалы, таза суу, кийим-кече, тамак-аш, суу өткөрбөгөн жабуулар менен камсыз кылган. Андан тышкары, башка жакка качууга аргасыз болгон жарчыларды убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырган
Фижидеги филиалдын өкүлдөрү жана аймактагы райондук көзөмөлчүлөр жапа чеккендерди жубатып, бекемдөөдө
Жардам берүү ишине катышкандар да, жабыр тарткандарды сооротуп-жубаткандар да COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларына карманы жатышат
Катуу шамалдан кийин көп нерседен кол жууп калган ишенимдештерибиз Забур 46:1де жазылган сөздөрдүн калетсиз экенине ынанып жатышат. Ал аятта: «Кудай — биздин баш маанабыз»,— деп жазылган.