Мазмунун көрсөтүү

Чилидеги суу каптаган Доньиуэ (солдо) жана Линарес (оңдо) шаарлары

6-ИЮЛЬ, 2023
ЧИЛИ

Чилиде он миңдегендер селден жабыркады

Чилиде он миңдегендер селден жабыркады

2023-жылдын 22-июнунан 25-июнуна чейин Чилинин түштүк жана борбордук бөлүгүндө катуу шамал болуп, жаан жаады. Жаандын орточо катмары 58 сантиметрге чейин жеткен. Анын айынан болжол менен 20 000 киши жабыр тартты. Табигый кырсык катталган аймактарда зыян тарткан же талкаланган үйлөрдүн саны 5 000ден ашып кетти. Миңдегендерди дагы деле башка жакка көчүрүү иштери жүрүп жатат. Эки киши каза болуп, дагы экөө белгисиз.

Ишенимдештерибизге тийгизген таасири

  • Ишенимдештерибиздин арасында жаракат алган же каза болгондор жок

  • 212 жарчы башка жакка көчүрүлдү

  • 13 үй чоң зыянга учурады

  • 38 үй бир аз зыян тартты

  • Бир да Падышалык залына же уюмга караштуу имараттардын бирине зыян келтирилген жок

Жардам берүү иштери

  • Жүздөгөн ыктыярчылар зыянга учураган үйлөрдү тазалап, оңдоп жатышат

  • Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар жабыр тарткандарга Кудайдын Сөзүндөгү жылуу сөздөрдү айтып жубатып жатышат. Ошондой эле андан башка да зарыл жардам көрсөтүлүүдө

  • Ишти көзөмөлдөгөнгө кырсыктан жабыр таркандарга жардам берүү боюнча 2 комитет уюштурулду

Жахаба Чилиде табигый кырсыктан жапа чеккен ишенимдештерибизди сооротуп-жубатып, күч-кубат берсин деп тиленип жатабыз (2 Тесалоникалыктар 2:16, 17).