Мазмунун көрсөтүү

12-СЕНТЯБРЬ, 2023
ЧИЛИ

Чилинин түштүгүн суу каптоодо

Чилинин түштүгүн суу каптоодо

2023-жылдын 19-августунан 23-августуна чейин Чилинин түштүгүндө катуу шамал болуп, жаан чакалап төктү. Өкүнүчтүүсү, суу каптаган аймактагы көптөгөн ишенимдештерибиз жабыр тартты. Ага чейин да, 2023-жылдын июнь айында, так ошол жер суу астында калган болчу. Ишенимдештерибиз ошол апааттан баш көтөрө электе экинчисине кабылышкан. Серепчилердин айтымында, бери дегенде, 10 жылдан бери бул аймакка жаан ушунчалык көп жааган эмес. Жаандын көп жаашына жана жер-жерлерди суу капташына Тынч океандагы суусунун температурасынын көтөрүлүшү жана «Эль-Ниньо» деп аталган метеорологиялык кубулуш себепкер. 25 000ге жакын үй жабыркаган же талкаланган. Бери дегенде, үч киши өмүрүнөн айрылган.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Бир тууганыбыздын жолугушуу өткөрүлүп жүргөн үйү (суу каптагандан кийин

    Ишенимдештерибизден эч ким каза болгон жок

  • 225 жарчы коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болду

  • 13 үй бир топ жабыркады

  • 38 үй бир аз зыян тартты

  • 3 Падышалык залы жана жолугушуулар өткөрүлүп жүргөн бир ишенимдешибиздин үйү анча-мынча зыянга учурады

Жардам берүү иштери

  • Кырсыктан жабырланган аймакта жашаган ишенимдештерибизге райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү аксакалдар зарыл жардам көрсөтүп, Кудайдын Сөзү менен жубатып жатышат

  • Жардам берүү ишин көзөмөлдөгөнгө Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 2 комитет уюштурулду

Чилидеги жабыр тарткан бир туугандарыбыз үчүн тиленип жатабыз. Кудайдын Падышалыгы башкара баштаганда ушундай кырсыктар болбой турган күндү да чыдамсыздык менен күтүүдөбүз! (Ышая 32:18).