Мазмунун көрсөтүү

13-ДЕКАБРЬ, 2019
АВСТРАЛИЯ

Австралиядагы токойлорду жалмаган өрт

Австралиядагы токойлорду жалмаган өрт

Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс жана Квинсленд штаттарында кайра-кайра тутанган өрттүн айынан Жахабанын Күбөсү болгон жубайлар үйүнөн айрылган. Бир миллиондон ашуун гектар жер өрт кучагында калган. Ишенимдештерибиздин эч кимиси каза тапкан же жаракат алган эмес. Ошондой эле эч бир Падышалык залы жана жыйын залдары зыян тарткан жок.

Жергиликтүү бийликтегилер айрым аймактардагы өрттүн тутанышына адамдар себепкер деп айтууда. Сентябрь айынан бери өрттөн 6 адам набыт болуп, бери дегенде, 650 үй күйүп кеткен.

200дөй ишенимдешибиз башка жакка көчүрүлгөн. Бирок өрт өчүрүлгөндөн кийин, кайра үйлөрүнө кайтып келишкен. Үйү күйүп кеткен жубайлар ишенимдештеринин үйүндө баш калкалоодо. Жыйналыштагы аксакалдар өрттөн жабыр тарткандарды Ыйык Китепти колдонуп жубатууда (Элчилер 20:28).