Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 15-ФЕВРАЛЬ
АВСТРАЛИЯ

Австралиянын Квинсленд штатын талкалаган кыян жүрүүдө

Австралиянын Квинсленд штатын талкалаган кыян жүрүүдө

Нөшөрлөгөн катуу жаандан улам Австралиянын түндүк-чыгышынын бир нече аймагында сел жүрүүдө. Миңдеген кишилерге башка жакка көчүүгө туура келүүдө. Негизги имараттар талкаланып, электр жарыгы өчүп калган.

Австралазия филиалы билдиргендей, үч жыйналыштагы 58 жарчы туугандарынын же башка Жахабанын Күбөлөрүнүн үйүнө көчүрүлдү. Жалпысынан бир туугандарыбыздын 10 үйүн сууп каптап калган, эки үй таптакыр талкаланган.

Филиал Кырсык болгондо жардам берүү комитетин түзгөн. Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар кырсыктан жапа чеккен жарчыларды сооротуп-жубатууда. Биз бир туугандарыбыздын мээримдүү, камкор койчулардын бекемдеп-жубатканынан кайрат алып, баарын көтөрүп кетишин сурап Кудайдан тиленип турабыз (1 Петир 5:2).