10-ЯНВАРЬ, 2020
АВСТРАЛИЯ
Австралияны тилсиз жоо каптоодо
Австралияда быйылкы жыл тарыхтагы эң эле ысык, эң эле кургак жыл деп катталды. Өлкөнүн көп жерлерине жайылып жаткан өрт жагдайды ого бетер оорлотууда. Австралиянын дээрлик ар бир штатына жайылып, көп жерлерди күлгө айланткан ал өрт 2019-жылдын сентябрында тутанган. Ал кырсыктын башталышы эле болгон. Жээкти бойлой жайгашкан жана түштүк-чыгыштан орун алган Виктория, Жаңы Түштүк Уэльс штаттарында кырдаал курчууда.
Билдирүүлөргө ылайык, ишенимдештерибиздин эч кимиси каза тапкан же жаракат алган эмес. Бирок айрымдар мүлкүнөн кол жууп калышкан, анын ичинде алардын 9 үйү толугу менен күйүп кеткен. Ушул күнгө чейин 700дөн ашуун ишенимдешибиз башка жакка көчүрүлдү. Саламаттык сактоо мекемелери жогору көтөрүлгөн кою түтүн ден соолукка зыян келтириши мүмкүн экенин билдиргендиктен, боордошторубуздун көбү башка жакка кетүүнү туура көрүшкөн. Алардын көпчүлүгү өрт болуп жаткан жерден алыс жайгашкан аймактардагы туугандарыныкында, досторунукунда же ишенимдештериникинде баш калкалоодо.
Австралазиядагы филиал кырсыктан жабыр тарткандарды зарыл нерселер менен камсыз кылыш үчүн жана сооротуп-жубатыш үчүн эки комитет уюштурган. Эки райондук көзөмөлчү жана филиалдын комитетинин бир мүчөсү өрт каптаган аймактардагы ишенимдештерибизге барып, аларды кайраттандырып-бекемдешкен. Тилсиз жоонун кесепети тийген ишенимдештерибиз алдан-күчтөн тайып, жан дүйнөсү жараланып турса да, боордошторунун чын жүрөктөн көрсөтүп жаткан сүйүүсүнө ыраазычылык билдирүүдө (1 Петир 2:17).