Мазмунун көрсөтүү

Солдо: Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Кеннет Кук декорацияларды жасаган ыктыярчыларга Ыйык Китепке негизделген дем-күч берерлик баяндама айтып жатат. Үстүңкү бурчта: Бөлмөнүн ичинде съёмка жүрүп жаткан учур. Ылдыйкы бурчта: Видеонун сыртта тартылып жаткан учуру

26-АВГУСТ, 2022
АВСТРАЛИЯ

«Исанын жашоосунда болгон окуялар» деген видеонун 1-чыгарылышынын тартылышы

«Исанын жашоосунда болгон окуялар» деген видеонун 1-чыгарылышынын тартылышы

«Исанын жашоосунда болгон окуялар» деген видеонун 1-чыгарылышынын 1-бөлүгү 2022-жылдын 12-августунда тартылып бүттү. Бир аздан кийин 2-бөлүгү тартыла баштайт. Ал 2022-жылдын октябрь айында тартылып бүтөт.

Буга чейин айтылгандай, «Исанын жашоосунда болгон окуялар» деген видео 2022-жылдын 20-майында тартыла баштаган. Ал учурда тарыхый видеону филиалдын сыртында тартканга жана кошумча имараттарды колдонууга байланыштуу документтер даяр боло элек болчу. Ал документтер 2022-жылдын 15-июлунда даяр болгон. Австралазиядагы филиалды куруу бөлүмү видео тартыла турган жерди жана андагы имаратты региондук видео тобуна өткөрүп берген. Учурда ал жер видеону тартканга толугу менен даяр болуп калды.

Региондук видео тобунун кошумча имараты. Анын ичинде ашкана, тамак ичкен жер, кеңселер, чач тарач жана грим жасаган бөлмө бар. Жанында видеолорго тарта турган жаныбарларды убактылуу кармоочу короо

Видео тартыла турган жердин аймагы 7 000ден ашуун чарчы метрди түзөт. Курулуш ишине Австралиядан жана Жаңы Зеландиядан келген 500дөн ашык ыктыярчы катышты. Курулуш ишинин координатору Расселл Григорцевич куруу ишине байланыштуу мындай деген: «Көп кыйынчылыктарга дуушар болдук. Бирок аларды жеңгенге Жахабанын жардам бергенин айкын көрдүк. Баары Жахабанын рухунун аркасында ишке ашты деп ишенимдүү айта алабыз».

Видеонун биринчи бөлүгү тартылып жатканда Окутуу комитетинин жардамчысы Роналд Карсэн дээрлик аягына чейин болду. Ал мындай деп ой бөлүштү: «Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү менен курулуш ыктыярчыларынын ортосундагы кызматташууну, достук маанайды көрүү аябай жагымдуу болду. Даярдыктарды көрүүгө жана куруу ишине бир нече жыл кетти. Эмгегибиздин үзүрүн көрүп, абдан сүйүнүп жатабыз. Филиалга караштуу аймакта жашаган көптөгөн ишенимдештерибиздин жардамга келгени жүрөгүбүздү жылытты. Исанын жашоосу жана кызматы баяндалган 18 чыгарылыштан турган бул видео дүйнө жүзүндөгү көптөгөн кишилердин жүрөктөрүн козгой турганына эч кандай шек жок».

Видеонун биринчи бөлүгү тартылып бүтөйүн деп калганда Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Кеннет Кук келген. Ал мындай деген: «Бул долбоорду Жахаба жетектеп, колдоп жатканы айдан ачык. Жахабага жана курулуш ишине катышып, видео тартканга жанын аябай жардам берген бир туугандардын баарына ыраазычылык билдиребиз. Көп сериялуу өзгөчө бул видео көптөргө Исанын жолун дагы тагыраак жолдогонго жана Жахабага жакындаганга жардам берсин деп тиленебиз».

 

Тарыхый имараттын аянтынын кире бериши

Тарыхый имараттардын бүткөн бөлүктөрү

Койлорду кармаган короо (асты жагында)

Базар

Башкаруучулардын имараттары