Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 6-АПРЕЛЬ
АВСТРАЛИЯ

«Дебби» циклону Австралияны жабыркатууда

«Дебби» циклону Австралияны жабыркатууда

2017-жылдын 28-мартында, шейшемби күнү, «Дебби» циклону жүрүп, Квинсленддин түндүк жээгин жана жакын жердеги аралдардын таш-талканын чыгарды. Шамалдын ылдамдыгы саатына 260 чакырымга жетти. 4-категорияга кирген бул циклон бактарды омкоруп, имараттарды кыйратып, жээктеги кайыктарды талкалап кеткен. «Дебби» циклонунун эпкини суу ташкынына да себеп болгон. Натыйжада Квинсленд менен Жаңы Түштүк Уэльстеги шаарларды жана чакан шаарчаларды суу каптап, миңдегендер электр жарыгысыз калган.

Алгачкы билдирүүгө ылайык, бир да Жахабанын Күбөсү оор жаракат алган эмес жана каза болгон эмес. Бирок көптөгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн үйү зыянга учурап, бирөөсү кыйрап калган. Ошондой эле эки Падышалык залы (сыйынуу жайы) талкаланган.

Австралиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы жабыр тарткан аймактагыларды генератор, азык-түлүк, суу менен камсыз кылуу үчүн эки жардам берүү комитетин түзгөн. Жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү да ишенимдештеринин Кудайга болгон ишенимин бекемдеп, эмоциялык жактан колдоо көрсөтүп жатышат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан колдонуп, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектөөдө.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Австралазия: Рудни Спинкс, тел: +61-2-9829-5600