Мазмунун көрсөтүү

29-СЕНТЯБРЬ, 2020
АЗЕРБАЙЖАН

АУЕС Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына эки чечим чыгарды

АУЕС Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына эки чечим чыгарды

2020-жылдын 24-сентябрында Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына эки маанилүү чечим чыгарды. Биринчи чечим «Велиев жана башкалар Азербайжанга каршы» деген сот ишине, экинчиси «Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жамааты Азербайжанга каршы» деген сот ишине байланыштуу болгон. Бул эки чечим бир туугандарыбыздын Кудайга эркин сыйынууга укуктуу экенин бышыктады.

Эки учурда тең Азербайжан өкмөтү ишенимдештерибиздин укугун бузганын мойнуна аларын билдирген. Ошондой эле өкмөт бир туугандарыбызга акчалай компенсация, жалпысынан 19 000 евро (22 146 АКШ доллары) төлөп берүүгө макулдугун берген. Эки чечимде тең АУЕС өкмөттүн бул билдирүүсүн кабыл алары көрсөтүлгөн.

Велиев бир тууганыбыз менчик үйдө жолугушуу өткөрүп жатат

«Велиев жана башкалар Азербайжанга каршы» деген сот иши боюнча 2011-жылы АУЕСке доо арыз жөнөтүлгөн. Себеби жылдар бою Гянжа шаарынын бийлик өкүлдөрү биздин уюмдун мыйзамдуу түрдө каттоодон өтүшүнө тоскоолдук кылып келген. Ошонун айынан укук коргоо органдарынын тынч өтүп жаткан диний жолугушууларга кирип келип, токтоткон учурлары көп болчу. Алар жолугушууга келген ар бир кишини кармап кетип, чоң өлчөмдө айып пул төлөөгө милдеттендиришчү. Алсак, бир ишенимдешибизди кайра-кайра айыптуу деп таап, айып пул сала бергендиктен, ал баш-аягы 9 450 Азербайжан манатын (ошол учурдагы курс менен 11 375 АКШ долларын) төлөгөн. Ал эми айып пул төлөй албаган ишенимдештерибизди камап келишкен.

2013-жылы болсо бир туугандарыбыз «Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жамааты Азербайжанга каршы» деген сот иши боюнча АУЕСке доо арыз жазышкан. Буга Азербайжан өкмөтүнүн өлкөгө киргизиле турган адабияттардын санына чектөө койгону себеп болгон.

Азырынча өкмөт биздин уюмду мыйзамдуу түрдө Гянжа шаарында каттоодон өткөрүүгө уруксат бере элек. Ошентсе да жагдай бир топ жашырды. Акыркы жылдары ишенимдештерибиз чакан топ болуп менчик үйлөрдө эч кандай тоскоолдуксуз жолугушууларды өткөрүп жатышат. Мындан тышкары, өкмөт адабияттарыбызды өлкөгө жетиштүү санда киргизгенге тыюу салбай калды. Бирок адегенде адабияттар бийликтегилердин текшерүүсүнөн өтөт.

Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жалпыга маалымат берүү үстөлүндө кызмат кылган Кирилл Степанов мындай деген: «АУЕС чыгарган бул маанилүү чечимдер Гянжа жана Азербайжандагы башка шаарларда уюмубузду мыйзамдуу түрдө каттатууну тездетет деп үмүттөнөбүз. Ошондой эле убакыттын өтүшү менен адабияттарыбыз өлкөгө киргизилгенге чейин өкмөттүн текшерүүсүнөн өтпөй калат деп ишенебиз».

Жахабанын бизди колдоп жатканына миң мертебе ыраазыбыз. Биздин пайдабызга чыгарылган бул чечимдер Кудайдын элине «каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбой» турганын айгинелеп турат (Ышая 54:17).