Мазмунун көрсөтүү

2010-жылы Азербайжанда камалган ишенимдештерибиз. АУЕС алардын дин тутуу эркиндиги тебелегенин жарыялаган

27-ФЕВРАЛЬ, 2020
АЗЕРБАЙЖАН

АУЕС Азербайжандагы сот иштерине байланыштуу биздин пайдабызга чечим чыгарды

АУЕС Азербайжандагы сот иштерине байланыштуу биздин пайдабызга чечим чыгарды

Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигине байланыштуу эки сот ишин карап, алардын пайдасына чечим чыгарды. Биз сот майданындагы бул жеңиштин ал өлкөдөгү бардык ишенимдештерибиздин дин тутуу укугунун корголушуна жол ачат деп үмүттөнөбүз.

2020-жылдын 20-февралында АУЭС «Насиров жана башкалар Азербайжанга каршы» деп аталган, 2010-жылдан бери каралып жаткан жана «Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жамааты Азербайжанга каршы» деп аталган, 2009-жылдан бери каралып жаткан сот иштерине байланыштуу чечимин жарыялаган. «Насиров жана башкалар Азербайжанга каршы» деген иш тууралуу айта турган болсок, Сот Азербайжан өкмөтүнүн 2010-жылы кабар айтуу ишине катышкан Жахабанын Күбөлөрүн кайра-кайра кармап, түрмөгө камап жана айып пул салып, Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын 5 жана 9-беренелерине (адам эркиндиги жана дин тутуу эркиндиги) каршы иш кылганын белгилеген. Ошондой эле өкмөттү доо-арыз менен кайрылган ар бир жабырлануучуга 3 235 доллар 80 цент (3 000 евро), жалпысынан 22 650 доллар 60 цент (21 000 евро) төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми «Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жамааты Азербайжанга каршы» деген ишти карагандан кийин АУЭС Азербайжан өкмөтүнүн ишенимдештерибизге өлкөгө адабияттарды киргизүүгө жана таратууга тыюу салуу менен Европа конвенциясынын 10-беренесин (пикир билдирүү эркиндиги) бузганын жарыялаган.

Бул сот иштеринде көмөк көрсөткөн жактоочулардын бири Жейсон Вайз мындай деп ой бөлүшкөн: «Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрү көптөгөн жылдардан бери диний адабияттарды өлкөгө киргизүү жана таратуу жагынан кыйынчылыктарга кабылып келишкен. Адабияттарды өлкөгө киргизүүгө уруксат алыш үчүн көп соттошушкан. Ошондой эле кабар айтуу ишине катышканы үчүн кармалып, түрмөгө камалган Жахабанын Күбөлөрүнө байланыштуу да далай сот иштери болгон. АУЭСтин бул эки чечими Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрү үчүн зор мааниге ээ. „Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жамааты Азербайжанга каршы“ деген иште Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттары дин аралык кагылышууларга алып келбейт же башка зыян келтирбейт деп чечим чыгарды. Ал эми „Насиров жана башкалар Азербайжанга каршы“ деген иште Сот диний адабияттарды Жахабанын Күбөсү эмес адамдардын арасында таратууга болорун ырастады. Биз Азербайжанда дин тутуу жана пикир билдирүү эркиндигин коргогон ушундай чечим чыкканы үчүн абдан ыраазы болуп жатабыз».

Фамил Насиров кубанычын мындай деп билдирди: «Мурун биз ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп келгенбиз. Полиция кызматкерлеринин бизди кармап кетип, 4, 5 саат суракка алганы кадимки эле көрүнүш болуп калган. Бирок Жахабанын жардамынын жана ишенимдештерибиздин жумшаган күч-аракетинин аркасында эми андай болбой калды. Биз азыр ээн-эркин кабар айта алабыз».

АУЕСтин чечими чыкканга чейин эле Азербайжандагы бир туугандарыбыз дин тутуу эркиндигине ээ боло башташкан. Алсак, өкмөт аларга адабияттарыбызды өлкөгө киргизүүгө жана таратууга уруксат берген. Ошондой эле 2017-жылдан кийин ишенимдештерибизге жыйналыштарга барганы үчүн эч кандай айып пул салынбай калган. Учурда жолугушууларыбыз Бакудагы үч Падышалык залында жана өлкөнүн ар кайсы бурчундагы боордошторубуздун үйлөрүндө өткөрүлүүдө. Андан тышкары, 2015-жылдан бери Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, тагыраак айтканда, Азербайжандагы диндерди каттоо жана көзөмөлдөө боюнча өкмөткө караштуу бөлүм Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жамаатына ижарага алынган имараттарда Эскерүү кечесин, региондук жыйындарды өткөрүүгө уруксат берип келет.

Биздин пайдабызга чыгарылган ушундай чечимдер үчүн жана Азербайжандагы ишенимдештерибизди колдоп жатканы үчүн Жахаба Кудайыбызга миң мертебе ыраазыбыз (Забур 98:1).