Мазмунун көрсөтүү

4-ФЕВРАЛЬ, 2022
АЗЕРБАЙЖАН

Адам укуктары боюнча комитет Азербайжандагы эки ишенимдешибиздин укугун коргоду

Адам укуктары боюнча комитет Азербайжандагы эки ишенимдешибиздин укугун коргоду

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети (АСУЭП) 2021-жылдын ноябрь жана декабрь айларында Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу укугуна байланыштуу эки чечим кабыл алды. Ал эки чечим Азербайжандагы эки ишенимдешибизге тиешелүү. Аларды Ыйык Китептеги кабар тууралуу башкаларга айтканы үчүн бийлик өкүлдөрү кармап кетишкен.

2021-жылдын 5-ноябрында АСУЭП Матанат Гурбанованын жана Саадат Мурадхасилованын башкаларга ишеними тууралуу айтуу укугун коргогон. 2014-жылы ноябрда белгисиз бирөөлөр арыз жазгандыктан, полиция кызматкерлери ал эки ишенимдешибизди кармап кетишкен. Натыйжада ар бири айып пул катары 1 500 Азербайжан манаты (880 АКШ доллары) төлөөгө милдеттендирилген. АСУЭП бийлик өкүлдөрүнүн аларды кармап кеткени мыйзамга каршы келерин билдирип, Азербайжан өкмөтүнөн кийин ушундай жагдайлардын алдын алууну талап кылган.

Эже-сиңди болгон Матанат менен Саадат башынан өткөндөрү тууралуу мындай дейт: «Полиция кызматерлери да, сот да биздин коркуп калышыбызды каалашкан. Бирок бул окуялар, тескерисинче, ишенимибизди ого бетер бекемдеп койду. Жахабанын колу кыска эмес экенин, бизди качан жана кантип коргош керектигин ал эң жакшы билерине дагы бир ирет ынандык».

Ошондой эле 2021-жылдын 21-декабрында АСУЭП Азербайжандагы полиция кызматкерлери мыйзамды бузду деп тапкан. Анткени алар Жейран Азизова менен Гулназ Исрафиловага «өздөрү катталган дарегинен сырткары жерде диний иштерди жүргүзүштү» деген айып коюп, аларды бир канча убакыт камакка алышкан болчу. АСУЭПтин чечимине ылайык, ал ишенимдештерибиздин башкаларга ишеними тууралуу айтканы мыйзамды бузууга жаткан эмес.

2016-жылдын ноябрында Жейран менен Гулназ Азербайжандагы Геранбой жергесиндеги досторунукуна конокко барып, алар менен чогуу башкаларга Ыйык Китепте жазылган жакшы кабарды айтышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул тууралуу полиция кызматкерлерине билдиришкен. Ошентип, ал эки ишенимдешибизди кармап кетишкен. Иштин жүрүшүндө сот ишенимдештерибизди чалгынчы деп айыптап, 2 000 Азербайжан манатын (1 176 АКШ долларын) төлөөгө милдеттендирген. Ал эки ишенимдешибиз сотко кайра доо арыз менен кайрылышкан. Бирок андан эч майнап чыккан эмес. Ошол себептен алар АСУЭПке кайрылышкан.

Бул иштерде биздин пайдабызга чечим чыгарылганынын аркасында эң маанилүү ишибизди ээн-эркин жүргүзө алабыз. Жакшы кабарды эр жүрөктүк менен айтып мыкты үлгү көрсөтүп жаткан ишенимдештерибиз менен чогуу кубанып жатабыз (Матай 10:18).