Мазмунун көрсөтүү

Азербайжанда жашаган Роял Каримов менен Сеймур Маммадов

4-ЯНВАРЬ, 2023
АЗЕРБАЙЖАН

Азербайжандагы Роял Каримов менен Сеймур Маммадов эркиндикке чыгышты

Азербайжандагы Роял Каримов менен Сеймур Маммадов эркиндикке чыгышты

Роял Каримов менен Сеймур Маммадов Азербайжандагы түрмөдөн бошотулушту. Экөө тең абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартышкан болчу.

Акыркы билдирүүлөргө ылайык, Азербайжандын соту альтернативалык жарандык кызмат өтөөнү суранган Сеймурдун өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан. 2022-жылдын 22-сентябрында ага айып коюлуп, 9 айга кесилген. Ага чыгарылган өкүм Адам укуктары боюнча Европа сотунун Азербайжандагы жагдайга байланыштуу чыгарган эки чечимине каршы келет. Сеймурдун жактоочулары сотко дат арызы менен кайрылышкан. 2022-жылдын 12-декабрында Гянджа апелляциялык соту ишенимдешибизге берилген жазаны өзгөрткөн. Ошентип, ал түрмөгө камалгандын ордуна, шарттуу соттолгон. Сеймур азыр эркиндикте болсо да, ага каршы чыгарылган адилетсиз өкүмдү өзгөртүшүн сурап Азербайжандын Жогорку сотуна кайрылды.

Түрмөдө отурганда Сеймурга Ыйык Китеп окуганга жана кат алганга тыюу салынган болчу. Бирок ошого карабай Жахаба ага кам көрүп жатты. Ал ишенимдешибиз мындай дейт: «Акыркы сот отурумуна бир күн калганда мен алакандай кагазга Жашыя 1:5, 6дагы сөздөрдү жазып алгам. Ал жерде: „Мен Муса менен болгондой эле, сени менен да болом. Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм“,— делет. Камакка алынып, түрмөгө камалгандан кийин Сеймурга ушул сөздөр күч-кайрат берген. Ал: «Ушул аяттар мен үчүн күндөлүк аятым болуп калган»,— деп да кошумчалайт.

2022-жылы 30-майда бийликтегилер Роялды аскер кызматын өтөөгө Гадабай районунун Мамлекеттик каттоо кызматына чакырышкан. Роял аскер кызматынан абийири жол бербегендиктен баш тартып, анын ордуна альтернативалык жарандык кызматты өтөөнү суранган. Бирок анын суранычы канааттандырылган эмес. 2022-жылдын 25-июлунда аскердик бийлик өкүлдөрү Роялды кармап, аны мыйзамсыз түрдө 2022-жылдын 1-ноябрына чейин аскер бөлүгүндө камакта кармашкан. Ал Гадабай районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын иш-аракеттерин тийиштүү органдар тарабынан текшерилишин өтүндү.

«Мага аскер бөлүгүнөн бошотулбайсың дешкенде, өзүмдү аябай жаман сезгем»,— дейт Роял. «Бирок ишенимим сыналып жатканын эсимен чыгарбаганга аракет кылгам».

Роял түрмөдө отурганда, эжесине ага барганга уруксат берилген. Ал ага Ыйык Китепти алып барып берген. Бул Роялга рухий жактан бекем бойдон калганга жардам берген. «Каттуу көңүлүм чөккөн учурлар болгон, бирок андайда Жахаба мени кайра күчкө толтуруп койчу. Ыйык Китепти окуп, Жахабадан тиленгенде жан дүйнөмө болуп көрбөгөндөй тынчтык орночу»,— дейт ал.

Азербайжандын бийлик өкүлдөрү аскер кызматынан баш тарткан ишенимдештерибизди түрмөгө камаганын токтотуп, башка көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле, альтернативалык жарандык кызматын өтөөгө уруксат беришин сурап мындан ары да тилене беребиз (1 Тиметей 2:1, 2).