Мазмунун көрсөтүү

Сеймур Маммадов абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканы үчүн камакка алынган

20-ОКТЯБРЬ, 2022
АЗЕРБАЙЖАН

Азербайжан АУЕСтин чечимдерин бузуп, Сеймур Маммадовду аскердик кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн камап салды

Азербайжан АУЕСтин чечимдерин бузуп, Сеймур Маммадовду аскердик кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн камап салды

2022-жылдын 22-сентябрында Азербайжандын Геранбой райондук соту 22 жаштагы Сеймур Маммадовду абийири жол бербегендиктен аскерге баруудан баш тартканы үчүн 9 айга эркинен ажыратты. Өкүм жарыялангандан кийин аны сот залынан дароо эле түрмөгө алып кетишти. Бул өкүм Адам укуктары боюнча Европа сотунун (АУЕС) Азербайжанга каршы чыгарган эки чечимин түздөн-түз бузгандыкка жатат.

2019-жылдан бери АУЕС Азербайжанга тиешелүү «Мамедов жана башкалар Азербайжанга каршы» жана «Мехтиев жана Абилов Азербайжанга каршы» деген эки өкүм чыгарды. Эки чечим тең Жахабанын Күбөлөрүнүн диний көз карашынан улам аскердик кызматтан баш тартууга байланыштуу укугун колдогон. Ал укук Европа конвенциясынын 9-беренесинде кепилденген.

Эки жагдайда тең Азербайжан өкмөтү АУЕСке ишенимдештерибиздин укуктарын бузганын моюнга алганын билдирип, келтирилген зыяндын ордун толтурууга даяр экенин айткан. Бирок, тилекке каршы, Сеймур Маммадов бир туугандын укуктарын бузуп, АУЕСтин ага чейин чыгарган өкүмдөрүн толугу менен четке кагууда.

Сеймур Маммадов биринчи жолу 2022-жылдын 4-майында Геранбой облусунун Аскер комиссариаты тарабынан аскердик кызматка чакырылган болчу. Ал бийликтегилерге Ыйык Китепке негизделген көз карашын түшүндүрүп берип, альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө мүмкүнчүлүк беришин суранган. Бирок алар анын өтүнүчүн орундатпай коюшкан. Ушундай кысымга карабай Сеймур кайраттуулугунан жазган жок.

Учурда Сеймур Гянжа шаарында камакта отурат. Ушундай кыйын жагдайга карабай ал мүңкүрөп отуруп калган жок. Ал аны менен камакта отурган 30дай кишиге кабар айткан. Айрымдары атүгүл Ыйык Китепке кызыгып калган.

Сеймурдун жактоочусу сотко доо арыз менен кайрылды. Гянжанын апелляциялык соту адилеттүү чечим чыгарып, ишенимдешибизди түрмөдөн бошотот деген үмүт бар.

Ушундай кыйын кезеңде Жахабанын Сеймурду колдой берерине эч кандай шек жок (Ышая 43:2).