Мазмунун көрсөтүү

5-ЯНВАРЬ, 2021
АЗЕРБАЙЖАН

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чечим чыгарды

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чечим чыгарды

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2020-жылдын 15-декабрында Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына эки маанилүү чечим чыгарды. Биринчи чечим «Рахима Хусейнова Азербайжанга каршы» деген ишке, экинчи чечим «Саладдин Маммадов, Рашад Нифталиев жана Садагад Аббасова Азербайжанга каршы» деген ишке байланыштуу болчу. Адам укуктары боюнча комитет бул эки иште тең Азербайжан өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн укугун бузганын билдирген жана келечекте ушундай жагдайларды алдын алыш үчүн өлкөдөгү мыйзамдарды тууралоону талап кылган.

«Рахима Хусейнова Азербайжанга каршы». 2014-жылы декабрда Бакудагы бийлик өкүлдөрү Рахима Хусейнованы ишенген нерселери жөнүндө башкаларга айтканы үчүн кармап кеткен. Андан соң райондук сот Жахабанын Күбөлөрүнүн Бакуда расмий түрдө катталбаганын a айтып, Рахимага айып пул салган. Ал 1 500 азербайжан манатын (882 АКШ долларын) төлөөгө милдеттендирилген. Ишенимдешибиз бул иш боюнча Баку шаарынын апелляциялык сотуна доо арыз менен кайрылган. Бирок сот баштапкы чечимди өзгөрүүсүз калтырган. Ошол себептен Рахима эл аралык сотко кайрылууну чечкен.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети мамлекет Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын (АСУЭП) 18(1) беренесин бузганын айгинелеп, жабырланган тарапка кенемте төлөп беришин талап кылган. Айта кетчү нерсе, Адам укуктары боюнча комитет Азербайжан мамлекети «кийин ушундай жагдайлар пайда болгондо кимдир бирөөлөрдүн укуктарынын бузулушуна бөгөт коюш үчүн жана (АСУЭПтин) 18(1) беренеси кепилдик берген укуктар толук сакталышы үчүн мыйзамдарын, нормаларын жана/же башка иш-чараларды карап чыгууга тийиш» экенин белгилеген.

«Саладдин Маммадов, Рашад Нифталиев жана Садагад Аббасова Азербайжанга каршы». Бул иш 2014-жылы, октябрда козголгон. Гянжа шаарындагы ишенимдештерибиз Саладдин Маммадов деген Жахабанын Күбөсүнүн үйүнө Ыйык Китепти изилдеш үчүн чогулушкан болчу. Анан эле полиция кызматкерлери кирип келип, үйдү тинтишкен. Алар Ыйык Китептерди жана башка буюм-тайымдарды алып кетишкен. Полиция кызматкерлери Саладдин Маммадов, Рашад Нифталиев жана Садагад Аббасованы кеңсесине алып барып, 6 сааттан ашык кармашкан. Эки күндөн кийин алар Гянжа шаарындагы Низамин райондук сотуна чакырылышкан. Сот алар диний жамаат катары Гянжа шаарында катталбагандыктан өткөргөн жолугушуусун мыйзамсыз деп тапкан. Алардын ар бири 2 000 азербайжан манат (1 176 АКШ доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Ишенимдештерибиз Гянжадагы апелляциялык сотко доо арыз менен кайрылышкан. Бирок ал райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ошол себептен алар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылышкан.

Адам укуктары боюнча комитет Азербайжан АСУЭПтин бир нече беренесин бузганын билдирген. Андыктан ал үч ишенимдешибизге кенемте төлөнүшү керектигине байланыштуу чечим чыгарган. Ошондой эле «райондук соттун айып коюлгандарга өз динин тутуш үчүн жеке менчик үйдө чогулардан мурда эмне үчүн катталышы керектигин түшүндүрбөй туруп чечим чыгарганын» белгилеген. Муну менен Комитет Азербайжандагы ал ишенимдештерибиздин Кудайга сыйыныш үчүн чогулууга укуктуу экенин жана ал үчүн катталуу талап кылынбай турганын көрсөткөн.

Рахима Хусейнованын ишиндегидей эле, бул учурда да Комитет Азербайжандан «АСУЭПтин 18(1) беренеси кепилдик берген укуктар толук сакталышы үчүн мыйзамдарын, нормаларын жана/же башка иш-чараларды карап чыгууну» талап кылган.

Бактыга жараша, акыркы жылдары Азербайжанда жагдай жакшырып, бийликтегилер бир туугандарыбызга өз динин эркин тутканга тоскоолдук жаратпай калды. Бул эки чечим Азербайжанда «жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитүүгө» шарт түзөт деп бекем ишенебиз (Филипиликтер 1:7).

a 2018-жылы, ноябрда Жахабанын Күбөлөрү Бакуда расмий түрдө катталган.