Мазмунун көрсөтүү

28-МАЙ, 2021
АЗЕРБАЙЖАН

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигин коргоодо

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигин коргоодо

2021-жылдын 26-апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азиз Алиевге жана Азербайжандагы башка бир туугандарыбыздын ишине байланыштуу маанилүү чечим чыгарды. Мунун аркасында Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн Кудайга тынчтыкта сыйынышына шарт түзүлөт. Ушуну менен Комитет үчүнчү жолу биздин пайдабызга ушундай чечим чыгарды.

Бул чечим Загатала облусундагы Алиабадда жүргүзүлгөн мыйзамсыз тинтүүгө тиешелүү. 2013-жылдын 21-сентябрында Азиз Алиевдин үйүндө Жахабанын Күбөлөрү жыйналышка чогулушкан. Ошол учурда полиция кызматкерлери кирип келишкен. Алар үйдү тинтишкен жана ал жерге чогулган бир туугандарыбызды коркутуп, алардын адабияттарын, медициналык жана жеке документтерин, ошондой эле акчаларын алып алышкан. Анан полиция кызматкерлери чогулгандардын баарын өздөрүнүн кеңсесине алып барышкан. Жолдо баратканда Хавва Азизова бир тууганыбыздын талмасы кармап, эс-учун жоготуп койгон. Муну көргөн полиция кызматкерлери аны ооруканага жеткирүүгө аргасыз болушкан. Бирок ал эсине келгенден кийин, аны суракка алыш үчүн кеңсесине алып кетишкен.

Кийинчерээк Загатала райондук соту ишенимдештерибиздин көбүнө 1 500 азербайжан манат (ошол кездеги курс боюнча, 1 716 АКШ доллары) айып пул төлөсүн деген чечим чыгарган. Шеки шаарындагы апелляциялык сот райондук соттун мыйзамсыз чечимин колдогон. Бир туугандарыбыз бул иш боюнча доо арыз менен ар кайсы сотторго кайрылышкан. Эч кандай майнап чыкпагандыктан, акыры, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууну чечишкен.

Адам укуктары боюнча комитет Азербайжан өкмөтүнүн ишенимдештерибиздин дин тутуу эркиндигин бузганын, аларды кармап кетип, айып пул төлөткөнү мыйзамга каршы келгенин билдирген. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрү бийлик органдары менен полиция кызматкерлеринин тарабынан адилетсиз мамилеге туш болгонун белгилеген. Анткени бийлик өкүлдөрү «Жахабанын Күбөлөрүнүн диний кызматынан же алардын диний адабияттарынан жапа чеккендер болгонун же башкаларга коркунуч туудурарын түшүндүрбөй туруп, түрмөгө камаарын айтып коркуткан, айрымдарын сөз менен кордогон жана динин сындаган». Айта кетчү нерсе, Адам укуктары боюнча комитет Азербайжан өкмөтү ишенимдештерибизге келтирген залаканын ордун толтуруп берүүнү талап кылган. Андан тышкары, «кийин ушундай жагдайлар пайда болгондо кимдир бирөөлөрдүн укуктарынын бузулушуна бөгөт коюш үчүн мыйзамдарын, нормаларын жана/же башка иш-чараларды карап чыгууга тийиш» экенин баса белгилеген.

Азербайжандагы бир туугандарыбыздын акыркы жылдары Кудайга сыйыныш үчүн ээн-эркин чогулуп жатканына абдан кубанып жатабыз. Сот иштери аркылуу «жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип» берип жатканы үчүн Жахаба Кудайыбызга миң мертебе ыраазыбыз (Филипиликтер 1:7).