Мазмунун көрсөтүү

Ирина Захарченко менен Валида Жабраилова Бакуда

2017-ЖЫЛ, 11-ДЕКАБРЬ
АЗЕРБАЙЖАН

Азербайжан соту Ирина Захарченко менен Валида Жабраиловага компенсация төлөп берүүнү буйрук кылды

Азербайжан соту Ирина Захарченко менен Валида Жабраиловага компенсация төлөп берүүнү буйрук кылды

2017-жылдын 4-августунда Азербайжандын Баку шаарындагы райондук сот адилетсиз түрдө 11 айга камалган эки Жахабанын Күбөсүнө, Ирина Захарченко менен Валида Жабраиловага, келтирилген зыяндын ордун толтуруш үчүн компенсация төлөнүп берилсин деген чечим чыгарды. Төлөнүп бериле турган акчалай компенсация Ирина Захарченко менен Валида Жабраилова тарткан зыянга салыштырмалуу кымындай эле болсо да, бул чечим өкмөттүн аларды эч негизсиз эле камаганын жана ден соолугунун, эмоциялык саламаттыгынын жабыркашына, аброюна доо кетишине себепкер болгонун көрсөттү.

Жогорку Соттун актаган чечими компенсацияга байланыштуу маселени кароого жол ачты

2017-жылдын 8-февралында Азербайжандын Жогорку Соту өкмөттүн уруксатысыз адабият таратты деген айып менен камакка алынган Ирина Захарченко менен Валида Жабраилованы актаган. Сот «Балдарыңарды үйрөткүлө» деген талаш туудурган китепченин өлкөгө киргизүүгө уруксат берилгенин жана анын коомго эч кандай зыяны жок экенин аныктаган. Мындан тышкары, Ирина Захарченко менен Валида Жабраилованын ишеними тууралуу башкаларга айтууга укуктуу экенин тапкан. Жогорку Сот Азербайжандын Конститутциясынын жана Азербайжан кол койгон эл аралык келишим кепилдик берген укуктардын негизинде чечим чыгарган.

Жогорку Сот компенсацияга байланыштуу маселени жарандык сот караарын билдирген. Ошондуктан Ирина Захарченко менен Валида Жабраилова Баку шаарындагы Насими райондук сотуна доо арыз менен кайрылып, Мамлекеттик коопсуздук кызматы (Мурун Улуттук коопсуздук министрлиги) тарабынан жеген запкынын ордун толтуруу үчүн Каржы министрлигинен аларга компенсация төлөп беришин суранган. Ирина Захарченконун ден соолугу начар болсо да, экөө тең сотко келишкен. Сот Жахин Абдуллаев аларга кандай азап тартышканын кыскача айтып берүүгө уруксат берген.

Райондук соттун чечими аларга туура эмес мамиле кылынганын тастыктады

Райондук соттун чечими Азербайжандын жарандарынын негизги укуктарын сыйлоого милдеттүү экенин дагы бир жолу тастыктап, Жахабанын Күбөлөрүнүн өтүнүчүн орундаткан. Сот ден соолугу катуу жабыркаган Ирина Захарченкого 9 744 манат (5 737 АКШ доллары), Валида Жабраиловага 8 200 манат (4 828 АКШ доллары) төлөнүп берилсин деген чечим чыгарган. Чечимде: «Сот доогерлер мыйзамсыз түрдө камакка алынган жана эч себепсиз эле кылмышкер катары куугунтукталып, моралдык жактан зыян тарткан деген бүтүм чыгарды»,— деп жазылган.

Каржы министрлиги эки Жахабанын Күбөсүнө компенсация төлөнүп берилсин деген чечимге каршы даттануу менен кайрылган. 2017-жылдын 20-ноябрында Бакудагы Апелляциялык сот Министрликтин доо арызын канааттандыруудан баш тартып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Соттун чечими жакшы натыйжа береби?

Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрү дин тутуу эркиндигине байланыштуу негизги укуктарынын бузулганына жана жеке коопсуздугуна коркунуч туулганына карабастан, Жахаба Кудайына сыйынып, диний иштерин аткарып жатышат. Аларга дагы деле айып пул салынып, куугунтукталууда жана сыйынуу үчүн чогулганда бийликтегилер тарабынан жаман мамилеге дуушар болууда. Өкмөт аскер кызматын өтөөгө абийири жол бербегендер үчүн альтернативалык жарандык кызматты киргизе элек. Бийликтегилер Бакудан башка жерлерде Жахабанын Күбөлөрүн мыйзамдуу түрдө каттоодон баш тартып келет. Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкмөт тарабынан жаман мамилеге дуушар болуп жатканына байланыштуу Адам укуктары боюнча Европа Сотунда 18 чечимдин чыгарылышы, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинде 11 арыздын каралышы күтүлүүдө.

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү соттордун акыркы чечимдери Азербайжандагы бийлик өкүлдөрүнүн өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн укугун сыйлоого түрткү берерине үмүттөнүүдө.