2018-ЖЫЛ, 24-АВГУСТ
АЗЕРБАЙЖАН
Азербайжан аскер кызматынан баш тарткан бир тууганыбызды күнөөлүү деп тапты
2018-жылдын 6-июлунда Азербайжандын Барда райондук соту Жахабанын Күбөсү болгон Емил Мехдиевди бир жылга шарттуу соттоду. Сот 18 жаштагы Емил Мехдиевди аскердик кызматтан баш тартканы үчүн айыптуу деп тапты, бирок түрмөгө кескен жок. Ал жашаган жерин өзгөртсө, бийликтегилерге билдирип турууга тийиш жана Азербайжандан сыртка чыгууга анын укугу жок.
Емил Мехдиев 2017-жылдын декабрь айында Барда районунун Аскер комиссариаты тарабынан аскердик кызматка чакырылган. Ал аскер кызматын өтөөгө абийири жол бербегендиктен, аскерге баруудан баш тарткан. Емил Мехдиев аскер кызматын өтөөгө абийири жол бербегенин жана аскердик кызматтын ордуна альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө даяр экенин билдирген. Ага альтернативалык кызматты өтөө мүмкүн эмес экенин жана анын иши Барда районунун прокуратурасына өткөрүлөрүн айтышкан.
Улам кийинкиге жылдырылып отуруп, бир нече жолу өткөрүлгөн сот отурумунан кийин Барда райондук соту аны күнөөлүү деп таап, шарттуу соттоду. Азербайжан өкмөтү көп жыл мурун убада бергенине карабай, альтернативалык жарандык кызматты киргизбегендиктен, Емил Мехдиев түрмөгө кесилбесе да, кылмышкер катары эсептелип кала берет.
Биз Мехдиев бир туугандын оор жагдайга туш болгонуна карабай, бейтараптуулугун сактап жатканына абдан кубанып турабыз (1 Петир 2:19).