Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 13-ДЕКАБРЬ
АЗЕРБАЙЖАН

Айып пул салынган Жахабанын Күбөлөрү дат арыз менен кайрылышкан

Айып пул салынган Жахабанын Күбөлөрү дат арыз менен кайрылышкан

2016-жылдын 2-декабрында Азербайжанда жашаган Зияд Дадашев Жахабанын Күбөсү катары диний иш менен алектенгени үчүн Геранбой райондук милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, иши райондук сотто каралган. Зияд Дадашевдин 4 айылдашы анын башкалар менен ишенген нерселери жөнүндө сүйлөшүп, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды сунуштап жүргөнүн айтышкан. Геранбой районунун соту Ширзад Гусейнов Дадашевди мыйзамсыз түрдө диний иш менен алектенген деген чечим чыгарып a, ага 1 500 манат (846 АКШ доллары) айып пул салган. Зияд Дадашев соттун бул чечимине макул эместигин билдирип, даттануу менен кайрылган.

Ошол эле райондо жашаган Жаари Сулайманова менен Гүлназ Исрафилова Ыйык Китепке аябай кызыккан бир аял менен бир нече айдан бери Ыйык Китептин негизинде маектешип жүрүшкөн. Геранбой райондук милиция кызматкерлери ал эки аялды Жахабанын Күбөлөрү расмий түрдө катталбаган аймакта диний иштерди жүргүзүп жатышат деп айыпташкан. 2016-жылдын 17-ноябрында Геранбой районунун соту Исмайыл Абдуррахманли ал экөөнө 2 000 манат (1 128 АКШ доллары) айып пул салган. Жаари Сулайманова менен Гүлназ Исрафилова дат арыз менен кайрылышкан.

Эл аралык жактоочу Жейсон Уайз мындай деген: «Азербайжандын Жахабанын Күбөлөрүн кодулап-басмырлаганы Европа конвенциясын таптакыр сыйлабаганын көрсөтүп турат. Геранбой районунун бийлик өкүлдөрүнүн кылгандары өкмөттүн дин тутуу эркиндигин коргоого байланыштуу мыйзамдарына каршы келет».

a Жахабанын Күбөлөрү диний уюм катары расмий түрдө Азербайжандын борбору Бакуда катталган. Зияд Дадашев 515.0.4-берене боюнча айыпталган. Ал — Азербайжан мамлекетинин кодексиндеги административдик укук бузууга байланыштуу берене. Анда диний уюмдарга «расмий түрдө катталбаган аймакта иш жүргүзүүгө» тыюу салынат.