Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 22-НОЯБРЬ
АЗЕРБАЙЖАН

Жахабанын Күбөлөрү Бакуда диний ассоциация катары катталды

Жахабанын Күбөлөрү Бакуда диний ассоциация катары катталды

2018-жылдын 8-ноябрында Азербайжандын дин иштери боюнча мамлекеттик комитети өлкөнүн борбор калаасы Бакуда Жахабанын Күбөлөрүн мыйзамдуу түрдө каттап, толук эркиндик берди. Эми ишенимдештерибиз Кудайга сыйынуу үчүн ачык эле чогулуп, кабар айтууга юридикалык жактан укуктуу болуп калышты.

Биздин пайдабызга чыгарылган бул чечим, өлкөнүн башка районундагы ишенимдештерибиздин да мыйзамдуу түрдө катталарына уруксат берилет деген үмүттөбүз. Бакунун бийлик башчылары биздин пайдабызга чечим чыгарып, расмий түрдө каттаганы үчүн Жахаба Кудайга миң мертебе ыраазыбыз (Филипиликтер 1:7).