Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 17-ДЕКАБРЬ
АЗЕРБАЙЖАН

Абийиринен улам аскердик кызматтан баш тарткан ишенимдешибиз Жогорку сотко кайрылат

Абийиринен улам аскердик кызматтан баш тарткан ишенимдешибиз Жогорку сотко кайрылат

2018-жылдын 31-октябрында Азербайжандын Гянжа шаарындагы Апелляциялык сот абийиринен улам аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткан 19 жаштагы Вахид Абиловду күнөөлүү деп тапкан төмөнкү баскычтагы соттун чечимин колдогон. Вахид түрмөгө камалбаса да, ал бир жылдык мөөнөткө шарттуу соттолуп, ага ар кандай чектөөлөр коюлган. Алсак, ал дайындалган кызматкерге жума сайын барып, катталып турушу керек. Ошондой эле ага Азербайжандан башка жакка чыгууга тыюу салынган. Вахид эми адилеттүүлүктү орнотуп беришин сурап Азербайжандагы акыркы сот системасына, тагыраак айтканда, Жогорку сотко кайрылат.

Ал ишенимдешибиздин бейтараптуулук сактаганынан улам пайда болгон көйгөйү 2017-жылдын май айында башталган. Вахид жакында эле 18ге толуп, Агдам районунун Аскер комиссариаты тарабынан аскердик кызматка чакырылган. Ал жерден Вахид аскерде кызмат өтөй албай турганын жазуу түрүндө түшүндүрүп: «Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийирим мага аскерде кызмат өтөөгө жол бербейт. Мен жарандык милдетимди аткаруудан баш тартып жаткан жокмун, атүгүл баш тартуу оюма да келген жок. Тек гана аскердик кызматтын ордуна альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө мүмкүнчүлүк беришиңиздерди суранам»,— деп жазган. Бирок бийликтегилер анын өтүнүчүн орундатпай, 2018-жылдын 9-июлунда аскердик кызматтан баш тартып жатат деген айып коюшкан.

Гянжа шаарындагы Апелляциялык сот анын ишин карап жатканда, Вахид бир тууган эмне үчүн аскерде кызмат өтөөдөн баш тартып жатканынын себебин түшүндүргөн. Ал Ышая 2:4тү окуп берип, Ыйык Китепти жекече изилдөөнүн аркасында атүгүл «согушууга үйрөнбөшү» керектигин түшүнгөнүн айткан. Ошого карабай сот аны күнөөлүү деп тапкан. Эми Жогорку сот анын ишин карап, каалоосун ишке ашырабы же жокпу, убакыт көрсөтөт.

Азербайжан 2001-жылы Европа Кеңешине мүчө болгондо альтернативалык жарандык кызматты киргизүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алууга милдеттенме алган. Анткен менен өкмөт ал милдетин азыркы күнгө чейин аткарбай келет. Ошонун айынан абийиринен улам аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткан ага-инилерибиз кыйынчылыктарга кабылууда. Ушул жылдын орто ченинде Азербайжандын райондук соту дагы бир ишенимдешибизди, Емил Мехдиевди, аскерде кызмат өтөөдөн баш тартып жатат деген айып менен бир жылга шарттуу соттогон. Ал да Жогорку сотко кайрылган. Андан тышкары, абийири аскерде кызмат өтөөгө жол бербеген бир туугандарга байланыштуу Азербайжанга каршы төрт сот иши Адам укуктары боюнча Европа сотунда каралат. Бир туугандарыбыз ушундай кыйынчылыктарга карабай, Жахабага таянып, бейтараптуулук сактап жатышат (Жакан 15:19).