Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 10-ФЕВРАЛЬ
АЗЕРБАЙЖАН

Азербайжандын Жогорку Соту Ирина Захарченко менен Валида Жабраилованы күнөөсүз деп тапты

Азербайжандын Жогорку Соту Ирина Захарченко менен Валида Жабраилованы күнөөсүз деп тапты

2017-жылдын 8-февралында Азербайжандын Жогорку Соту Ирина Захарченко менен Валида Жабраиловага коюлган айыпты жокко чыгарды. Алар өкмөттүн уруксаты жок диний адабияттарды таратышкан деп айыпталган болчу. Кылмыш иштери боюнча Жогорку Соттун мүчөсү Хафиз Насибов: «Сот ал эки Жахабанын Күбөсү эч кандай кылмыш кылган эмес жана төмөнкү баскычтагы соттордун чечими жокко чыгарылсын деген чечим чыгарды»,— деп жарыялады.

Сот жүрүп жаткан маалда Ирина Захарченко менен Валида Жабраилованын жактоочулары Азербайжан өкмөтү адамдын негизги укуктарын эч себепсиз жана одоно бузганын баса белгилешти. Сотто эки аялга тергөө камакжайында 11 айдан ашык убакыт отурган маалда кандай кыйынчылыктарга туш болушканын жана анын аларга кандай таасир эткенин айтып берүүгө уруксат берилди.

Адам укуктары боюнча эл аралык жактоочу Жасон Уайз мындай деди: «Кылмыш иштерин караган сот коллегиясынын бул айыпты жокко чыгарганына абдан сүйүнүп жатабыз. Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрү үчүн бул чечим чоң мааниге ээ, анткени буга чейин төмөнкү баскычтагы соттордун чечими жокко чыгарылган эмес болчу. Баку шаарынын Сабаиль райондук соту бул эки аялдын моралдык зыянды калыбына келтирүү укугун жактайт деп үмүттөнөбүз».