Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 8-МАЙ
АЗЕРБАЙЖАН

Азербайжандын Жогорку соту Ирина Захарченко менен Валида Жабраиловага компенсация төлөнүп берилиши керек деген чечимди күчүндө калтырды

Азербайжандын Жогорку соту Ирина Захарченко менен Валида Жабраиловага компенсация төлөнүп берилиши керек деген чечимди күчүндө калтырды

2018-жылдын 16-апрелинде Азербайжандын Жогорку соту 11 ай адилетсиз түрдө түрмөдө отурган Ирина Захарченко менен Валида Жабраиловага компенсация төлөнүп берилсин деген төмөнкү баскычтагы соттун чечимин күчүндө калтырган. 2017-жылдын февралында Жогорку сот өкмөттүн уруксаты жок диний адабияттарды таратып жүрүшөт деп айыпталган ал эки аялды актаган. Анткен менен алар тарткан зыяндын ордун толтурууга байланыштуу маселени жарандык соттордун кароосуна калтырган.

Жахабанын Күбөсү болгон И. Захарченко менен В. Жабраилова толугу менен акталгандан кийин аларга жасалган катаал мамиле үчүн компенсация төлөнүшүн сурап, жарандык сотторго кайрылышкан. 2017-жылдын август айында райондук сот келтирилген зыяндын орду төлөнүп берилсин деген чечим чыгарган. Каржы министрлиги буга каршы чыгып, кийинки баскычтагы сотко доо арыз тапшырган. 2017-жылдын ноябрында аппеляциялык сот биринчи баскычтагы соттун чечимин күчүндө калтырып койгон. Каржы министрлиги дагы макул болбой, 2018-жылдын февралында кассациялык даттануу менен Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот Каржы министрлигинин даттануусун канааттандырбай, эки аялга тең келтирилген зыяндын орду толтурулуп берилиши керек деген чечимди күчүндө калтырган.

И. Захарченко менен В. Жабраиловага компенсация төлөнүп берилиши керек дегенден сырткары, Жогорку сот бийликтегилер бийлигин кыянат пайдаланганын жана күнөөсүз бул эки аялдын укуктарын тебелегенин баса белгилеген.