Мазмунун көрсөтүү

10-ДЕКАБРЬ, 2019
АЛБАНИЯ

Албанияда катуу жер титирөө болду

Албанияда катуу жер титирөө болду

Жакында эле Албанияда катуу жер титирөө болду. Андай жер титирөө 40 жылдан бери болгон эмес. Бактыга жараша, ал табигый кырсыктан ишенимдештерибиздин эч кимиси зыян тарткан же каза болгон жок. Бирок алардын 35 үйү жана Падышалык залы катары колдонулган үч имарат жарактан чыгып, кооптуу болуп калган.

2019-жылдын 26-ноябрында болгон ал жер титирөөнүн кубаттуулугу 6,4 баллга жеткен. Андан 51 киши каза таап, 3 000ден ашуун киши жаракат алган. Миңдегендерге болсо башка жакка кетүүгө туура келген. Үйүн таштап качкан ишенимдештерибиз туугандарыныкында же башка жыйналыштардагы боордошторунукунда жашап жатышат. Падышалык залдары зыянга учураган ишенимдештерибиз жолугушууларды коопсуз аймактардагы Падышалык залдарында өткөрүүдө.

Табигый кырсыкка алдын ала даярданганы үй-бүлөсүнө кандайча жардам бергени тууралуу бир аксакал мындай деген: «Жер силкингенден кийин, бир мүнөттүн ичинде мурда даярдап койгон баштыктарыбызды алдык да, үйдөн качып чыктык. Баштыктарыбыздагы жамынчылардын, суунун, дары-дармектердин, азык-түлүктүн пайдасы аябай тийди. Бизге мээримдүүлүк менен көрсөтмөлөрдү берип жатканы үчүн Жахаба Кудайга да, Жетектөөчү Кеңешке да миң мертебе ыраазыбыз».

Райондук көзөмөлчүлөр ишенимдештерибизди жубатып-сооротуш үчүн дароо табигый кырсык болгон аймактарга жөнөшкөн. Бир райондук көзөмөлчү менен жубайы, үйү жер титирөөдөн зыянга учурагандыктан, башка жакка көчүрүлгөн. Өздөрүнүн жагдайы оор болуп турса да, алар башкаларды кайраттандырууга бир канча убактысын жумшашкан.

Филиалдын комитетинде кызмат кылган ишенимдештерибиз да жабыр тарткан аймактарга барышкан. Учурда Кырсык болгондо жардам берүү комитети зыян тарткандарга колдоо көрсөтүү иштерин көзөмөлдөөдө.

Биз Кудайдан Албаниядагы ишенимдештерибизге туруктуу болгонго жардам беришин сурап тиленебиз. Табигый кырсык болбой турган заманды баарыбыз чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (Римдиктер 8:25).