Мазмунун көрсөтүү

11-ДЕКАБРЬ, 2019
АЛБАНИЯ

«Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы албан тилинде жарык көрдү

«Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы албан тилинде жарык көрдү

2019-жылдын 8-декабрында «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы албан тилинде чыкканы жарыяланды. Аны Тирана шаарындагы (Албания) Асллан Руси атындагы спорт ордосунда өткөн атайын жолугушууда Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон кулактандырды a.

Албанияда жашаган 2 900 000дей киши албан тилинде сүйлөйт. Ал эми дүйнө жүзү боюнча ал тилде сүйлөгөн 7 600 000дей киши бар. Жахабанын Күбөлөрү Австрияда, Англияда, Бельгияда, Германияда, Грецияда, Италияда, Канадада, Кошмо Штаттарда, Түндүк Македонияда, Түркияда, Францияда, Швецияда жана Швейцарияда албан тилинде жыйналыштарды жана топторду уюштурушкан. «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы Албаниядагы филиалга караштуу аймакта жашаган 5 800дөн ашуун жарчыга, ошондой эле ал тилде сүйлөгөн башка өлкөлөрдөгү ишенимдештерибизге чоң жардам берери шексиз.

Ыйык Китептин кайра каралган ал басылышында тиркемелер, шилтемелер, сөздүк жана карталар бар. Биз албан тилинде сүйлөгөн ишенимдештерибиздин жөнөкөй, түшүнүктүү тилде жазылган Ыйык Китеп алышканына абдан кубанып жатабыз (Матай 13:16).

a «Жаңы дүйнө котормосу» албан тилинде толугу менен 2005-жылы жарык көргөн.