Мазмунун көрсөтүү

29-НОЯБРЬ, 2021
АНГОЛА

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» кимбунду тилинде чыкты

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» кимбунду тилинде чыкты

2021-жылдын 21-ноябрында, жекшембиде, Анголадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Эрик Раффаели кимбунду тилинде Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» электрондук түрдө жарык көргөнүн кулактандырды. Кагаз түрүндөгүсү 2022-жылы басылып чыга баштайт. Алдын ала жаздырылган программаны 11 000ге жакын киши укту.

1900-жылдардын башында, Ангола Португал колониясына караган кезде, кимбунду жана Африкадагы башка тилдерде сүйлөөгө расмий түрдө тыюу салынган болчу. Бүгүнкү күндө кимбунду тили Анголадагы негизги тилдердин бири болуп саналат. Ал тилде 1,7 миллиондой киши, анын ичинде борбор калаасы Луандада жашагандар сүйлөйт.

Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттары кимбунду тилине 1990-жылдардын башынан бери которулуп келет. Бирок бул тилдеги жыйналыш 2008-жылы гана уюшулган. Азыр болсо кимбунду тилинде 55 жыйналышта 2 614 жарчы кызмат кылат.

Кимбунду тилине которгон котормо топто кызмат кылган ишенимдешибиз үйүнөн иштеп жатат

Көптөр Ыйык Китептин жаңы котормосу мурунку котормого караганда түшүнүүгө оңой экенин айтышкан. Алсак, мурунку котормодо Матай 5:3төгү сөздөр: «Руху жакырлар бактылуу»,— деп берилген. Ал эми «Жаңы дүйнө котормосунда» ал аят: «Кудайды таанып-билиши керектигин түшүнгөндөр бактылуу»,— деп которулган.

Бир котормочу мындай деп ой бөлүшкөн: «Бул Ыйык Китеп кимбунду тилинде сүйлөгөн ишенимдештерим үчүн чоң бата болот деп ишенимдүү түрдө айта алам. Аны өз алдынча окуганда, кызматта колдонгондо Жахабага дагы да жакындашат. Ушул долбоорго катышып калганымды чоң сыймык деп эсептейм. Муну Жахабанын мээримдүүлүгү катары көрөм».

Кимбунду тилинде сүйлөгөн жарчылар жаңы Ыйык Китепти чебер колдонуп, «Кудайдын Падышалыгынын ыйык сырларын» түшүнгүсү келгендерге көмөк кыла аларына шектенбейбиз (Лука 8:10).