Мазмунун көрсөтүү

28-НОЯБРЬ, 2019
АНГОЛА

«Жаңы дүйнө котормосу» киконго тилинде жарык көрдү

«Жаңы дүйнө котормосу» киконго тилинде жарык көрдү

2019-жылдын 24-ноябрында Жахабанын Күбөлөрү Анголада атайын жыйын өткөрүштү. Ал жыйында Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» киконго тилинде чыкканы кулактандырылды.

Ал тарыхый жыйынга Анголадагы киконго тилинде сүйлөгөн жарчылардын баары чакырылды. Анголанын Виана шаарындагы жыйындар залында өткөн ал жолугушууга 2 053 киши катышты. Ыйык Китептин жарык көргөнүн Анголадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Мэтью Стиггел жарыялады.

Аны которууга жети жыл кеткен. Киконго тилинде «Жаңы дүйнө котормосу» чыкканга чейин, ишенимдештерибиз португал тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосун» же оңой менен табылбаган, кымбат турган киконго тилиндеги башка котормолорду колдонушчу.

«Жаңы дүйнө котормосу» киконго тилинде биринчи жолу чыкты. Эми жарчылар аны өз эне тилинде окуй алышат. Котормочулардын бири: «Бул котормо ишенимдештерибизге Ыйык Китепте жазылгандарды жакшыраак түшүнгөнгө, анда жазылгандарды башкаларга оңой түшүндүрүп бергенге көмөк кылары шексиз»,— деп ой бөлүштү.

Анголадагы киконго тилиндеги жыйналыштарда жалпысынан 1 524 жарчы бар. Ал эми ал жактагы 2 миллиондой киши киконго тилинде сүйлөйт.

Биз киконго тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосу» Жахабанын элине анын Сөзүн бүт жүрөгү менен сактаганга көмөк кылат деп ишенебиз (Забур 119:34).