Мазмунун көрсөтүү

20-ЯНВАРЬ, 2021
АНГОЛА

«Жаңы дүйнө котормосу» умбунду тилинде жарык көрдү

«Жаңы дүйнө котормосу» умбунду тилинде жарык көрдү

2021-жылы, 16-январда Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» умбунду тилинде электрондук форматта чыкты. Алдын ала жаздырылган программа Анголадагы умбунду тилиндеги жыйналыштардын баарында көрсөтүлдү. «Жаңы дүйнө котормосун» Анголадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Зенезо Вердиано кулактандырды.

Умбунду тили — Анголадагы эң эле кеңири тараган жергиликтүү тилдердин бири. Эсептөөлөргө ылайык, ал тилде 7 миллион киши сүйлөйт. Ал тилде сүйлөгөн жарчылардын саны 6 500дөн ашат.

6 котормочудан турган эки топ бул долбоордун үстүнөн 5 жыл бою эмгектенишкен. Котормочулардын бири жаңы Ыйык Китеп тууралуу мындай деп ой бөлүшкөн: «Бул котормо Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды айкын элестеткенге жардам берет. Анткени түшүнүүгө оңой тил менен жазылды. Ошондой эле анын жардамы менен башкаларды окутуп-үйрөтүү оңоюраак болот».

Филиалдын комитетинин бир мүчөсү: «Адамдар Ыйык Китепти эне тилинде окуганда чындыкты жакшыраак түшүнө алышат. Умбунду тилинде чыккан бул котормону дагы көбүрөөк адамдар окуй алышы үчүн Жахабанын кандай зор иштерди кыларын ойлогондо жүрөгүбүз толкуп жатат»,— деген (2 Тесалоникалыктар 3:1).