Мазмунун көрсөтүү

Ловуа лагеринде чилуба тилинде өткөн райондук жыйында отурган качкындар

2019-ЖЫЛ, 12-СЕНТЯБРЬ
АНГОЛА

Анголадагы качкындар лагеринде лингала жана чилуба тилдеринде өткөн райондук жыйындар

Анголадагы качкындар лагеринде лингала жана чилуба тилдеринде өткөн райондук жыйындар

2019-жылдын 25, 26-майында Ловуа качкындар лагеринде лингала жана чилуба тилдеринде «Бекем болгула!» деп аталган райондук жыйын өткөрүлгөн. Ал лагерь Анголанын борбор калаасы Луанда шаарынан 1 022 километр алыстыкта жайгашкан. Жыйын өткөн учурда Ловуа качкындар лагеринде 177 жарчы жана алардын үй-бүлөлөрү бар болчу. Ошентсе да лингала тилиндеги жыйынга 380 киши катышып, 3 киши чөмүлгөн. Ал эми чилуба тилиндеги жыйынга 630 киши катышып, 6 киши чөмүлгөн.

Ловуа лагериндеги бир туугандардын көбү ал жакка Конго Демократиялык Республикасындагы кыргындуу кагылышуудан улам качып барышкан. Башка жакка чыгууга тыюу салынгандыктан, ал жердеги ишенимдештерибиз башка шаарларда өткөрүлгөн рухий программаларга катыша алышпайт. Ошол себептен филиал жыйындарды ошол эле лагерде өткөрүүнү чечкен. Андан тышкары, убактылуу эки Падышалык залын тургузушкан. Ал Падышалык залдарында үчөө чилуба тилиндеги, бирөө лингала тилиндеги 4 жыйналыш өткөрүлөт.

2019-жылдын 24-майында райондук көзөмөлчү менен филиалдын өкүлү Ловуа качкындар лагерине барып, сахнаны даярдаганга жана үн күчөткүч шаймандарды орнотууга жардам беришкен. Бир туугандар өздөрү качкын катары ар кандай кыйынчылыктарга кабылып жатса да, устундарды, аркандарды, мыктарды, суу өткөрбөй турган жабууларды жана башка керектүү материалдарды тартуу кылышкан.

Жыйын бүткөндөн кийин, чилуба тилинде өткөн жыйналыштардын биринде кызмат кылган бир кызмат жардамчысы: «Оор шарттарга карабай, качкындар лагеринде жыйындардын өткөнүн көрүп Жахабанын бизге топ катары эле эмес, ар бирибизге жекече да сүйүү көрсөтүп жатканын сездик. Мен ушунчалык кубанып жатам»,— деп бөлүшкөн.

Дүйнөдөгү саясий баш аламандыктардын айынан ар кайсы жактарга качууга аргасыз болгон бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз. Биз Жахабанын, кайсы жерде болбойлу, бизди рухий тамактан өксүтпөй турганынан жана колдоп-кубаттап турарынан шектенбейбиз (Римдиктер 8:38, 39).

 

Ага-инилер сахнаны даярдап, үн күчөткүч шаймандарды орнотуп жатышат

Чилуба тилиндеги райондук жыйында чөмүлө тургандарга берилчү суроолорго жооп берип жаткан алты киши

Лингала тилинде сүйлөгөн бир туугандар качкындар лагеринен 2 километр алыстыкта жайгашкан дарыяга чөмүлө тургандарды көрүш үчүн баратышат

Анголадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Йоханнес Де Жайер жыйындан кийин лингала тилинде сүйлөгөн бир туугандар менен турат