Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 29-АВГУСТ
АНГОЛА

Анголада өткөн жыйында Жахабанын Күбөлөрү газга ууланышты

Анголада өткөн жыйында Жахабанын Күбөлөрү газга ууланышты

2017-жылдын 25-августунда, жума күнү эртең менен Виана шаарындагы (Ангола, Луанда) жыйындар залында Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйыны өтүп жаткан. Жахабанын Күбөлөрүнө каршы болгондор жыйын учурунда негизги зал менен дааратканага уулуу газды коё бергендиктен, 405 киши эс учун жоготуп койгон. Бактыга жараша, эч ким каза тапкан эмес. Газга уулангандар ооруканага жеткирилген. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, көпчүлүгү бир нече сааттан кийин эле үйүнө кайтышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тергөө иштерин жүргүзүп, жума күнү түштөн кийин үч кишини кармашкан.

Луандадагы филиалдын билдирүүсүнө ылайык, газга уулангандардын баарынын абалы жакшы. Окуя болгон учурда эч ким дүрбөлөңгө түшкөн эмес жана жабыр тарткандарга уюшкандыкта жардам көрсөтүшкөн. Жахабанын Күбөлөрү полиция кызматкерлеринин кеңешине кулак кагып, жума күнү жыйындын түштөн кийинки бөлүгүн өткөрүшкөн эмес. Ошентсе да 26, 27-августта, ишемби, жекшембиде, жыйын өткөрүлүп, баары жакшы аяктаган. Жыйынга катышкандардын саны 12 000ден ашып, 118 киши Жахаба Кудайга кызмат кылгысы келерин билдирип, сууга чөмүлгөн.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Ангола: Тодд Пекем, тел: +244-923-166-760