Мазмунун көрсөтүү

2-ФЕВРАЛЬ, 2022
АРГЕНТИНА

Аргентинадагы Бейтел үй-бүлөсү жаңы имаратка көчүштү

Аргентинадагы Бейтел үй-бүлөсү жаңы имаратка көчүштү

Аргентинадагы Бейтел үй-бүлөсү жаңы курулуп бүткөн филиалдын имаратына толугу менен көчүшкөн. Имаратты куруу боюнча жалданган компания аны 2021-жылдын жайында бүткөн. Ошондон тартып бейтелдиктер менен курулуш ыктыярчылары калган жумуштарды, алсак, чоң залдарды жасалгалоо, кылдат жууп-тазалоо жана түтүктөрдү орнотуу, электр чубалгыларын тартуу сыяктуу иштерди бүтүрүшкөн.

Жаңы Бейтел курулган аймакта 136 кеңсеси бар имарат жана 98 бөлмөсү бар 2 чоң имарат бар. Бул жерге жаңы Бейтел курула электе филиалдын кеңселери шаардын чар тарабында жайгашкан болчу. Ал эми азыр баары бир жерде болуп калды. Жаңы Бейтел Аргентинанын борбор калаасы Буэнос-Айресте. Анын аймагы жалпы жонунан 8 524 чарчы метрди түзөт.

Аргентинадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Хумберто Каиро мындай дейт: «Бул долбоор учурунда Жахабанын берешендигин көп ирет көрдүк. Бул аймакта jw.org деген белгиси бар биздин имарат жаркырап дароо эле көзгө урунат».

Аргентинадагы Бейтелде кызмат бөлүмүндө эмгектенген Себастьян Россо: «Муну Жахабанын марттык менен берген белеги деп эсептейбиз. Биз бул жерге аябай муктаж болуп жатканбыз. Ушундай кооз, баары эске алынып курулган Бейтел үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз»,— дейт.

Бул жаңы Бейтел бир туугандарыбызга мындан да натыйжалуу кызмат кылганга жардам берерине жана Жахабага даңк алып келерине ишенебиз (2 Жылнаама 7:1).

 

Аргентинадагы Бейтел үй-бүлөсү Буэнос-Айрестеги жаңы имаратка көчүштү. Бейтелдиктер ал жакка 2021-жылдын июлунан баштап көчө баштаган. Көчүүгө байланыштуу бардык иш-чаралар COVID-19 пандемиясына карата берилген көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлдү. Көчүп баргандан кийин бейтелдиктер имараттагы калган жумуштарды, анын ичинде жууп-тазалоо, жасалгалоо иштерин бүтүрүштү. Жаңы филиал башкаларга Жахаба Кудайды, анын уюмун таанып-билүүгө түрткү берерине шек жок.