Мазмунун көрсөтүү

Кеңсе имаратын жана эки турак үйүн камтыган филиалдын курулуп бүткөндөн кийин кандай болору көрсөтүлгөн сүрөт. Бейтел үй-бүлөсүн 2020-жылдын экинчи жарымында көчүрүү пландаштырылган

2019-ЖЫЛ, 29-АПРЕЛЬ
АРГЕНТИНА

Аргентинада жаңы филиалды куруу иши башталды

Аргентинада жаңы филиалды куруу иши башталды

2018-жылдын август айында Аргентинанын борбор калаасы Буэнос-Айресте жаңы филиалды куруу иши башталган. Жаңы филиал 136 иш ордун камтыган кеңсе имаратын жана 98 бөлмөлүү эки турак үйүн камтыйт. Ар кайсы жердеги имараттардан орун алган эски филиалдан айырмаланып, жаңы филиал бир эле имараттан иш жүргүзө тургандыктан, иштин жүрүшүн жакшыртат. Бул сүрөт галереясынан куруу иши башталганын көрө аласыңар.

Филиалдын жалпы аянты 8 524 чарчы метрди түзөт. Ал Аргентинанын борбор калаасы Буэнос-Айрестин чет жакасында жайгашкан

2018-жыл, август: он бир туугандан турган долбоорлоо тобу долбоордун чиймесин даярдаш үчүн 18 ай бою эмгектенишкен.

2018-жыл, сентябрь: имараттын пайдубалын бекем кармай турган курулуш устундарын орнотуш үчүн бургулоо иштери жүрүп жатат. Жер кыртышына байланыштуу, имарат бекем болушу үчүн, 38 метрлик тереңдиктеги ал тешиктерге 103 тегерек курулуш устуну орнотулат.

2018-жыл, ноябрь: долбоордун жүрүшүндө бийиктиги 33 метр болгон мунаралуу кран колдонулуп жатат.

2018-жыл, ноябрь: мунаралуу кранды чогултуп жаткан бир туугандар жана долбоордун үстүнөн иштеген башка жумушчулар коопсуздукка чоң маани беришет.

2019-жыл, январь: лифттин түркүктөрүн орнотуш үчүн экскаватор менен траншея казып жатышат.

2019-жыл, март: имараттын пайдубалына бетон куюлганга чейин арматураларды орнотуп жатышат.