Мазмунун көрсөтүү

15-ФЕВРАЛЬ, 2023
АРГЕНТИНА

Аргентинада өткөн фестиваль учурундагы күбөлөндүрүү иши

Аргентинада өткөн фестиваль учурундагы күбөлөндүрүү иши

Аргентинанын Росарио деген шаарында Иммигрант жамааттарынын улуттук фестивалынын 38 жылдыгы белгиленди. Майрам 2022-жылдын 11-ноябрынан 21-ноябрына чейин өткөрүлдү. Ага бир миллиондон ашуун киши катышты. Майрамда Аргентинада жашаган ар кандай улуттардын, этностук топтордун каадалары, салт-санаалары көрсөтүлдү. Аргентинадагы филиал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, атайын кабар айтуу өнөктүгүн уюштурду. Ошонун аркасында ошол фестивалга барган коноктор расмий веб-сайтыбыз жана Ыйык Китепке негизделген адабияттар менен таанышты. Кабар айтуу өнөктүгүндө Аргентина жаңдоо тилиндеги, кытай, англис, гуарани, гаити (креол), португал, кечуа (Боливия) жана испан тилдериндеги адабияттар колдонулду. Бул ишке 400дөн ашуун ишенимдешибиз катышты.

Фестивалды уюштургандар адабият текчелерин эл көп жүргөн жерлерге койгонго уруксат беришкен. Шаардагы бийлик өкүлдөрүнүн бири мындай деген: «Ар бириңердин кийген кийимиңер тыкан, таза экен. Өзүңөрдү да үлгүлүү алып жүрөт экенсиңер»,— деген. Росарио шаарынан болгон бир психолог болсо адабият текчесинин жанына басып барып: «Адабияттарыңарды жакшы билем. Мага аябай жагат! Бейтаптарыма алардагы ойлорду көп айтып берем»,— деп айткан.

2022-жылы 14-ноябрда Росариодогу башкы гезитке («La Capital») ишенимдештерибиз уюштурган ошол өнөктүк жөнүндө макала жарык көргөн. Анда jw.org сайтына шилтеме кылынган жана адабияттарыбыздын канча тилдерде чыгары тууралуу айтылган.

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы боордошторубуздун ушундай мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай «жакшы кабарды жарыялап, кылдат күбөлөндүрүп» жатканы бизди кубантпай койбойт (Элчилер 20:24).