Мазмунун көрсөтүү

20-ДЕКАБРЬ, 2019
АРГЕНТИНА

Буэнос-Айрес, Аргентина. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Буэнос-Айрес, Аргентина. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 2019-жыл, 13—15-декабрь

  • Өткөрүлгөн жери: «Сьюдад де Ла-Плата» стадиону, Буэнос-Айрес, Аргентина

  • Жыйын өткөн тилдер: англис, аргентина жаңдоо тили, испан

  • Катышкандардын жогорку саны: 47 555

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 563

  • Эл аралык делегаттардын саны: 6 300

  • Чакырылган филиалдар: Боливия, Борбордук Америка, Борбордук Европа, Испания, Италия, Корея, Кошмо Штаттар, Парагвай, Перу, Румыния, Скандинавия, Финляндия, Чехословакия, Чили

  • Жергиликтүү окуя: Делегаттар токтогон панамерикалык мейманкананын сатык иштери боюнча менежери Мара Анапиос мындай деп белгилеген: «Эл аралык, аймактык жана бүткүл дүйнөлүк кагылышуулар болуп жаткан азыркы тапта ушул сыяктуу жыйындардын өтүп жатканы абдан маанилүү деп ойлойм. Себеби бул — биз аябай зар болгон боордоштуктун, тынчтыктын жана сүйүүнүн үлгүсү».

 

Жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү аэропортто делегаттарды тосуп жатышат

Төрт ишенимдешибиз Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлдөрү катары журналисттерге дил маек берип жатат

Жыйын өткөрүлгөн жерге бараткан боордошторубуз

Жыйынга катышкандар кол чаап жатышат

Жыйын өткөрүлгөн жердеги үч бассейндин биринде чөмүлүп жаткан ага-инилерибиз

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Кеннет Кук жекшемби күндүн соңку баяндамасын айтууда

«СҮЙҮҮ» деген жазууну кармап сүрөткө түшүп жаткан ишенимдештерибиз

Улуттук кийим кийген делегаттар сүрөткө түшүп жатат

Ар кайсы өлкөдөн келген атайын толук убакыт кызмат кылган ишенимдештерибиз жекшемби күндүн соңунда жыйындагыларга кол булгалоодо

Жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү кечки программа учурунда делегаттарга бийлеп берип жатышат