2018-ЖЫЛ, 6-НОЯБРЬ
АРГЕНТИНА
2018-жылы Аргентинада Жаштардын жайкы олимпиадалык оюндары учурунда эл көп жерде күбөлөндүрүү өнөктүгү өткөрүлдү
2018-жылы Аргентинанын борбор калаасы Буэнос-Айрес шаарында өткөрүлгөн Жаштардын жайкы олимпиадалык оюндары учурунда бир туугандарыбыз 6—18-октябрда эл көп жерде күбөлөндүрүү өнөктүгүн уюштурушту.
15—18-жаштагы жаштар арасында өткөрүлгөн, дүйнө жүзүндөгү эң чоң мультиспорттук таймаш деп эсептелген Жаштардын олимпиадалык оюндарына 206 өлкөдөн 4 000 спортчу келди. Жахабанын Күбөлөрү уюштурган өнөктүккө 6 400дөн ашуун жарчы катышты. Мунун аркасында ар кайсы өлкөлөрдөн болгон спортчуларга Ыйык Китептеги жакшы кабарды угууга шарт түзүлдү. Ишенимдештерибиз жүздөй жерге 390 сүйрөмө текче коюшту.
Бул жаштар арасында өткөрүлгөн таймаш болгондуктан, сүйрөмө текчелерге «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген эки томдуу китептер жана «Жаштардын 10 суроосуна жооп» деген китепче коюлду. Адабияттар көптөгөн тилдерде, анын ичинде араб, кытай, англис, француз, немис, корей, португал, орус, испан тилдеринде жана аргентина жаңдоо тилинде болгон. Өнөктүк учурунда күн сайын орто эсеп менен 790 адабият таратылды.
Өнөктүккө катышкан бир туугандар жаштарга да, чоңдорго да Ыйык Китепте жазылган кабарды таратып, зор кубаныч алышты (Забур 110:3).