Мазмунун көрсөтүү

2012-жылы айыпталган ишенимдештерибиздин он экиси жактоочусу (ортодо) менен, 2019-жыл, январь

9-ДЕКАБРЬ, 2019
АРМЕНИЯ

АУЕС Армения өкмөтүн 22 ишенимдешибизди адилетсиз түрдө камаганы үчүн айыптады

АУЕС Армения өкмөтүн 22 ишенимдешибизди адилетсиз түрдө камаганы үчүн айыптады

2019-жылдын 5-декабрында Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЭС) Армениядагы 22 Жахабанын Күбөсүнүн пайдасына чечим чыгарды. Ал ишенимдештерибизге аскердик кызмат өтөө парзынан баш тартууда деген жалган айып тагылган болчу. АУЭС Армения өкмөтүн аларга компенсация катары 267 000 доллар төлөп берүүгө милдеттендирди. Өкмөт төлөп бериши керек болгон мындай акча-каражат абийиринен улам аскердик кызматтан баш тарткан ишенимдештерибизге бериле турган эң эле чоң сумма болду.

Ал ишенимдештерибиз аскердик жана альтернативалык жарандык кызматты (АЖК) өтөөдөн баш тартканы үчүн 2012-жылы айыпталган эле. Алардын АЖКдан баш тартканынын себеби, ошол учурда АЖК аскер күчтөрүнүн көзөмөлү алдында болгон жана, чынында, жарандык кызмат деп эсептелчү эмес. Ошол себептен 22 ишенимдешибиздин 20сы түрмөгө камалган болчу. Бирок кийин 2013-жылы Армения өкмөтү АЖКнын жарандык кызмат болушуна чара көргөн жана абийиринен улам аскердик кызматтан баш тарткандарды түрмөгө камаганын токтоткон.

АУЕСтин 5-декабрдагы чечими 2017-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чыгарылган «Адян жана башкалар Арменияга каршы» деген сот ишинин негизинде чыгарылган. АУЕС белгилегендей, Армения өкмөтү ошол сот иши менен жогорудагы ишенимдештерибизге байланыштуу сот ишинин окшош болгонун билген. Ошол себептен 22 ишенимдешибиздин укугун эске алып ал маселени чечип бериши керек болчу. Былтыр бир туугандарыбыздын бир канча жолу аракет кылганына карабай, Армения өкмөтү алардын ишин чечип бербей келаткан. Ушундай себептердин негизинде АУЕС ишенимдештерибиздин пайдасына бир добуштан чечим чыгарган.

Бактыга жараша, 2013-жылдан бери Арменияда абийиринен улам аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткандардын жагдайы жакшыра баштаган. Бейтараптуулук сактаганы үчүн аларга кылмыш иши козголбой же алар түрмөгө камалбай калган. Акыркы жети жылдан бери Армения өкмөтү АЖКнын жарандык кызмат болушуна кам көрүү менен башка өлкөлөргө жакшы үлгү болуп келатат. Ошентсе да АУЕС 5-декабрда Арменияга каршы чечим чыгарып, аны 2012-жылы эл аралык мыйзамды бузганы үчүн айыптады.

АУЕС бул чечими менен адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарды бузган өлкөлөрдү чоң суммада айып пул төлөтүүгө милдеттендирерин айкын көрсөттү. Биз Армениядагы бир туугандарыбызды ушундай жеңишке жеткиргени үчүн Жахаба Кудайга миң мертебе ыраазыбыз. Бул чечим абийири жол бербегендерди аскердик кызмат өтөөгө милдеттендирген жана азырынча альтернативалык жарандык кызмат киргизиле элек өлкөлөрдөгү, мисалы, Азербайжандагы, Түштүк Кореядагы, Түркиядагы, Түркмөнстандагы ишенимдештерибиздин жагдайынын жакшырышына жол ачса экен деп тиленип турабыз.