Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 16-ОКТЯБРЬ
АРМЕНИЯ

Адам укуктары боюнча Европа Соту Армениядагы абийири аскердик кызматты өтөөгө жол бербегендердин укугун коргоду

Адам укуктары боюнча Европа Соту Армениядагы абийири аскердик кызматты өтөөгө жол бербегендердин укугун коргоду

2017-жылдын 12-октябрында Адам укуктары боюнча Европа Соту (АУЕС) Армениядагы аскердик күчтүн көзөмөлү астында болгон альтернативалык кызматты өтөөдөн баш тарткан төрт Жахабанын Күбөсүнүн түрмөгө камалганы адилетсиздик болгон деген чечим чыгарды. АУЕС Арменияда аскер кызматы менен эч кандай байланышы болбогон альтернативалык жарандык кызмат киргизилбегендиктен, ал төрт уландын негизсиз түрдө айыпталганын баса белгиледи.

«Адян жана башкалар Арменияга каршы» деген ишке катыштыгы барлардын ар бири, атап айтканда, Артур Адян, Ваган Маргарян, Арутюн Хачатрян жана Гарегин Аветисян 2011-жылдын жай мезгилинде соттолуп, эки жарым жылга кесилишкен. АУЕС төрт уландын куугунтукка алынып, соттолгону Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын 9-беренеси кепилдик кылган абийир эркиндигинин жана дин тутуу эркиндигинин бузулганын билдирген. Армения төртөөнө тең ден-соолугу жабыркап, моралдык зыян тартканы үчүн, компенсация катары, 12 000 евро (14 200 АКШ доллары) төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Ал төрт улан 2011-жылы АУЕСтин Чоң Палатасы «Баятян Арменияга каршы» деген ишти карап, Европа конвенциясына ылайык, аскер кызматын өтөөгө абийири жол бербегендер аскердик кызматтан баш тартууга укуктуу деген чечим чыгаргандан көп өтпөй камалышкан a. Ушул тыянактын негизинде, аскердик кызмат өтөөгө абийири жол бербегендерге Армения өкмөтү альтернативалык кызматты сунуштоого милдеттендирилген. Бирок ошол кезде Арменияда альтернативалык кызмат эл аралык талаптарга жооп берчү эмес. Анткени ал толугу менен аскер күчтөрүнүн көзөмөлү астында болчу. Төрт улан андай альтернативалык кызматтан баш тартканы үчүн, башка көптөгөн ишенимдештериндей болуп, эркинен ажыратылган. АУЕС «Адян жана башкалар Арменияга каршы» деген ишти карап, Армения өкмөтү абийири аскердик кызматты өтөөгө жол бербегендерге «аскердик кызмат менен эч кандай байланышы болбогон жана коркутуп-үркүтүүнүн же жазалоонун чарасы катары колдонулбаган, жарандык милдетин аткарууга шарт түзгөн кызматты киргизиши зарыл» деген бүтүм чыгарган.

2013-жылдын аягында «Адян жана башкалар Арменияга каршы» деген иш менен сотко кайрылган төрт улан түрмөдөн бошотулгандан кийин, Армения өлкөдөгү аскердик күчтүн көзөмөлүндө болбогон альтернативалык жарандык кызматты киргизген. Абийири Ыйык Китепте жазылгандар боюнча тарбиялангандыктан аскер кызматын өтөөдөн баш тарткан Армениядагы Жахабанын Күбөлөрү ошонун аркасында мындан ары аскердик кызматтан баш тартканы үчүн түрмөгө камалбайт. Алар чындап альтернативалык кызмат деп эсептелген кызматты өтөөгө мүмкүнчүлүк берилгенине чын дилден ыраазы.

a «Баятян Арменияга каршы» деген иш боюнча АУЕСтин Чоң Палатасынын 2011-жылы чыгарган чечими (№ 23459/03 арыз)