Армениядагы тарыхый окуялар
ЯНВАРЬ, 2014. Альтернативалык жарандык кызматтын жаңы программасына катталган биринчи Жахабанын Күбөлөрү кызматын башташкан
12-НОЯБРЬ, 2013. Абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканы үчүн түрмөгө камалган Жахабанын Күбөлөрүнүн баары боштондукка чыккан
23-ОКТЯБРЬ, 2013. Республиканын комиссиясы альтернативалык жарандык кызматка байланыштуу өтүнүчтү биринчи жолу орундаткан
8-ИЮНЬ, 2013. Армения альтернативалык кызматка байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген
7-ИЮЛЬ, 2011. Адам укуктары боюнча Европа сотунун Чоң Палатасы «Баятан Арменияга каршы» деген иш боюнча чечим чыгарып жатканда абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартуу укугун тастыктаган
8-ОКТЯБРЬ, 2004. Тогуз жылдан жана 14 аракеттен кийин Армения Жахабанын Күбөлөрүн мыйзамдуу түрдө каттаган
1993. Армения абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан жаш Жахабанын Күбөлөрүн түрмөгө камап баштаган
21-СЕНТЯБРЬ, 1991. Армения Советтер Союзунан көз карандысыз экенин жарыялаган
1975. Арменияда Жахабанын Күбөлөрүнүн биринчи тобу пайда болгон