Мазмунун көрсөтүү

АРМЕНИЯ

Армения жөнүндө кыскача маалымат

Армения жөнүндө кыскача маалымат

Армения Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрү, бир аз тоскоолдуктарды эске албаганда, Кудайга эркин сыйынып, диний иштерин жүргүзүүдө. Алар 2004-жылдын октябрь айында расмий каттоодон өтүшкөн.

2013-жылдын октябрына чейин Армениядагы Жахабанын Күбөлөрү ылайык келген альтернативалык жарандык кызматтын жоктугунан кыйынчылыктарга туш болуп келишкен. Себеби Армениядагы альтернативалык жарандык кызмат аскердик бийликтин көзөмөлү алдында болчу жана ишенимдештерибиз аны өтөөдөн баш тартканы үчүн жазага тартылчу. 1993-жылдан бери абийири жол бербегендиктен аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткан жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрү узак мөөнөткө кесилип, оор шарттардагы түрмөлөргө камалып келишкен. Акыры, 2013-жылдын 8-июнунда Армения, Европадагы стандарттарга ылайык, альтернативалык жарандык кызматка байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизген. 2013-жылдын 23-октябрында Армения Республикасынын комиссиясы альтернативалык жарандык кызматты суранган 57 Жахабанын Күбөсүнүн өтүнүчүн биринчи жолу орундаткан. Альтернативалык жарандык кызматка байланыштуу программа алардын абийирин таза сактоо менен бирге өлкөгө кызмат кылышына шарт түзүп, ийгиликтүү ишке ашууда.

Маселенин жакшы жакка чечилгенине карабай, Жахабанын Күбөлөрү дагы деле кодулоого дуушар болуп келишет. Айрым аймактарда жергиликтүү бийликтер сыйынуу жайларын курууга уруксат бербей жатышат. Ошондой эле бажы кызматы адабияттарды өлкөгө киргизиш өтө чоң суммадагы бажы төлөмүн төлөөнү талап кылууда. Андан тышкары, каршылаштар жалпыга маалымдоо каражаттары жана жалпы форумдар аркылуу бизди каралап, ушак таратууда. Жахабанын Күбөлөрү бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү жана эл аралык сотторго кайрылууда.