Мазмунун көрсөтүү

2019-жылы «Дориан» бороон-чапкыны Багам аралдарындагы Чоң Абако аралында жайгашкан жалгыз Падышалык залын зыянга учураткан. Залыбыз оңдолгондон кийин арноо аземи өткөрүлдү

26-ЯНВАРЬ, 2023
БАГАМ АРАЛДАРЫ

Багам аралдарындагы калыбына келтирилген Падышалык залынын арноо аземи

Багам аралдарындагы калыбына келтирилген Падышалык залынын арноо аземи

Марк Сандерсон арноо аземинде баяндама айтып жатат

2023-жылдын 7-январында Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон Багам аралдарындагы Чоң Абако аралында жайгашкан Падышалык залынын арноо аземин өткөрдү. 2019-жылы сентябрда «Дориан» бороон-чапкыны аны бүлгүнгө учураткан болчу. Залды оңдоп-түзөө иши 2020-жылдын март айында бүтүшү керек болчу. Бирок COVID-19 пандемиясынын айынан, курулуш бүтөрүнө үч эле жума калганда, иш токтоп калган. Анан 2021-жылы курулуш ыктыярчылары долбоорду улантышкан.

Марк Сандерсон арноо аземиндеги баяндамасында жүрөк козгоорлук мындай сөздөрдү айтты: «Бороон-чапкын аралга чоң залакасын тийгизсе да, силердин ишенимиңерди кыйрата алган жок. Ошондой эле Жахаба менен болгон мамилеңерге да доо кетире алган жок».

Биздин Падышалык залыбыз — ошол аралдагы бороон-чапкынга туруштук бере алган жалгыз имарат. Ал залда 49 жарчыдан турган 2 жыйналыш бар. Тагыраак айтканда, англис тилиндеги жана креол (Гаити) тилиндеги эки жыйналыш. Арноо аземине 175 киши келди. Ал эми 167 киши интернет аркылуу уга алды. Арноо аземинде ачык эшик күнү да өткөрүлүп, Жахабанын Күбөлөрү да, Жахабанын Күбөсү эместер да чакырылды.

Курулуш иши токтогонго чейин жардам берген ыктыярчылардын бири Жейк Мэйжюрэ мындай деген: «Падышалык залыбызды шашылыш түрдө оңдоп жатканбыз. Мына-мына бүтөйүн деп, Эскерүү кечесине аз калганда курулуш иши токтоп калган. Ошондо ичим туз куйгандай ачышкан». 2021-жылы ал иш аягына чыгышы үчүн, ыктыярчылар чакырылган. Ошондо Жейк да катышкан.

Падышалык залдын арноо аземи ишенимдештерибиз үчүн кубанычтуу учур болду

Марк Сандерсон: «Ушул Падышалык залды калыбына келтирүү иши Жахабанын эли эриш-аркак кызматташарын жана бири-бирин чындап сүйөрүн көрсөтүп турат. 2023-жылы бул жакка келип, бир туугандардын бекемделгенин жана сүйүнүп жатканын көргөнүм мени да чоң кубанычка бөлөдү»,— деп айткан.

Жаңы эле оңдолуп-түзөлгөн бул Падышалык залыбыз Жахабага даңк алып келеринен шектенбейбиз (Эзра 3:10).