Мазмунун көрсөтүү

БОЛГАРИЯ

Болгариядагы тарыхый окуялар

Болгариядагы тарыхый окуялар
  1. 19-МАЙ, 2004. АУЕС «Лоттер жана Лоттер Болгарияга каршы» деген иш боюнча тынчтык макулдашууну бекиткен; өкмөт Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигин жана ишеним тууралуу эркин айтуу укугун тааныган

  2. 16-АПРЕЛЬ, 2003. Өкмөт Эскерүү кечесин Жахабанын Күбөлөрүнүн расмий майрамы деп таанып, Жахабанын Күбөлөрүнө ал күнү жумушка чыкпай эле коюуга уруксат берген

  3. 6-МАРТ, 2003. Жахабанын Күбөлөрү диний деноминацияга байланыштуу мыйзамдын негизинде кайрадан катталган

  4. 3-МАЙ, 2001. АУЕС бир Жахабанын Күбөсүнүн ишине («Стефанов Болгарияга каршы») байланыштуу тынчтык макулдашууну бекиткен; өкмөт абийиринен улам аскердик кызматтан баш тарткан, бирок альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө даяр болгондорго мунапыс жарыялаган

  5. 7-ОКТЯБРЬ, 1998. Болгарияда Жахабанын Күбөлөрү расмий түрдө катталган

  6. 9-МАРТ, 1998. Адам укуктары боюнча Европа комиссиясы (азыр Адам укуктары боюнча Европа соту [АУЕС]) тынчтык макулдашуусун бекиткенине байланыштуу, Болгария өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүн диний уюм катары каттоого макулдугун берген

  7. 1994. Болгария өкмөтү дин тутуу эркиндигин чектеген мыйзамды кабыл алгандан кийин Жахабанын Күбөлөрүнүн расмий каттоосун жокко чыгарган

  8. 7-МАЙ, 1992. Болгария Европа Кеңешине мүчө болгон өлкөлөрдүн 26-сы болгон

  9. 17-ИЮЛЬ, 1991. Өкмөт Жахабанын Күбөлөрүнүн диний уюмун расмий түрдө каттоодон өткөргөн

  10. 1944—1990. Коммунисттик бийликтин учурунда Жахабанын Күбөлөрүнө тыюу салынган

  11. 6-МАЙ, 1938. Жахабанын Күбөлөрү мыйзамдуу түрдө таанылган

  12. 1888. Болгариядагы Жахабанын Күбөлөрү тууралуу эң алгачкы билдирүү